Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде үстүбүздөгү жылдын март айында дарыянын 17 чакырым тилкесинин абалына талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди.
Жумуштарды ишке ашырууга 24 млн сом бөлүнгөн. 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер башталды.
Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылды. Тазалоо иштеринин баарын ушул жылдын 15-апрелине чейин бүткөрүү пландалган.
Президент Садыр Жапаров суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын эскертти.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров учурда Ош облусунда иш сапары менен жүрөт.