Бишкек, 02.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Документ турак жайды каржылоо системасын андан ары өнүктүрүүгө жана жарандардын жеңилдетилген шарттарда турак жайлуу болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Өзгөртүүлөр КР Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык кабыл алынды.