Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. АКШ менен Иран жаңжалды эки жумага токтотуу боюнча макулдашты. Бул макулдашууга Ормуз кысыгынын ачык болушу да камтылды. Бул тууралуу Euronews билдирет.
Маалыматка ылайык, Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши тынчтык келишимин кабыл алып, АКШ менен сүйлөшүүлөрдү Исламабадда 10-апрелден баштап эки жума бою жүргүзөрүн билдирди. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи билдиргендей, эки жума ичинде кысык аркылуу коопсуз өтүү мүмкүнчүлүгү камсыздалып, ал Иран армиясынын көзөмөлүндө болот.
Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуунун акысы Иран менен Оман тарабынан алынат. Ошондой эле жаңжалды токтотуу үчүн Иран АКШнын аскерлерин аймактан чыгарууну, санкцияларды алууну жана тоңдурулуп турган активдерди бошотууну талап кылууда.
Эскерте кетсек, АКШ менен Ирандын жаңжалы быйылкы жылдын 28-февралында башталган. Анын негизги себептеринин бири Жакынкы Чыгыштагы маанилүү деңиз жолу Ормуз кысыгы болгон. Бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн болжол менен бештен бири өтөт.
Макулдашуудан кийин дүйнөлүк мунайдын баасы 17%дан ашык төмөндөдү, ал эми Азия биржаларында акциялар өсүп кетти.