АКШда көзү азиздер үчүн жол көрсөтүүчү робот-ит иштелип чыкты

Дүйнө Загрузка... 09 Апрель 2026 09:25
347079124945782.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.04.26 /Кабар/. АКШдагы Бингемтон университетинин окумуштуулары көзү азиз адамдарга жардам берүүчү жаңы робот-итти иштеп чыгышты. Бул тууралуу Kazinform кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ит формасында жасалган робот колдонуучуну коштоп жүрүү менен гана чектелбестен, айланадагы абалды үн аркылуу баяндай алат. Атап айтканда, система тилдик көлөмдүү моделдерге негизделип, маршруттарды алдын ала сунуштап, жол жүрүү учурунда тоскоолдуктар, бурулуштар жана аралык тууралуу эскертип турат.

Окумуштуулардын экспериментине көзү азиз 7 ыктыярчы катышып, аларга кеңсе имаратындагы жыйындар бөлмөсүнө өз алдынча жетүү тапшырмасы берилген. Робот бара турган жерди тактап, бир нече маршрут сунуштап, жол убактысын эсептеп, андан соң колдонуучуну коштоп, айлана-чөйрөнү түшүндүрүп турган. Катышуучулар алдын ала пландоо менен реалдуу убакыттагы үн коштоонун айкалышын жогору баалашкан.

Иштеп чыгуучулар мындан ары системаны өркүндөтүп, аны узак аралыкта - имарат ичинде да, сыртта да колдонууга ылайыкташтырууну пландашууда.