Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. АКШнын Флорида штатындагы Майами-Дейд жана Бровард округдарында токойдогу ири өрт жайылып жатканын NBC'ге шилтеме берип, Казинформ билдирди.
Флорида токой кызматынын маалыматы боюнча, өрт 4800 акр жерди каптап, өрттүн 20%ы гана өчүрүлгөн.
Майами-Дейд жана Бровард өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүмдөрү окуя болгон жерде иштеп жатышат, ошондой эле учактар менен суу чачылып жатат. Коюу түтүн айрым аймактарда көрүнүүнү азайткандыктан тургундарга ал аймактан алыс болууга чакырышты.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрт турак жайларга абдан жакындап, эвакуациянын жалгыз жолун тосуп калган.
Учурда жабыркагандар тууралуу маалымат жок.