АКШда токойдогу өрттүн кесепетинен 120дан ашык үй күйүп кетти

Дүйнө Загрузка... 14 Май 2026 09:35
WhatsApp Image 2026-05-14 at 09.01.59.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.05.26 /Кабар/. АКШнын түштүк аймагындагы күчтүү токой өрттөрү уланып, Жоржия штатында кеминде 120 турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу The New York Times басылмасына таянып, ТАСС маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жоржиядагы токой өрттөрү каптаган аймактын көлөмү азыр 20 миң гектарга жетти. Ал эми коңшу Флорида штатында абал мындан да оор болуп, өрт 48,5 миң гектар токойду жалмады.

Флоридада келтирилген материалдык чыгым тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Бирок өрттү өчүрүү иштеринин жүрүшүндө бир куткаруучу каза болгону белгилүү болду.

Штат бийликтери азыркы токой өрттөрүн акыркы он жылдагы эң кыйраткыч кырсыктардын бири деп баалашууда. Адистердин айтымында, өрттүн кеңири жайылышына узакка созулган кургакчылык жана абанын өтө ысык болушу себеп болгон.