Акыркы үч жылда маяна 50 пайыздан кем эмес көтөрүлдү - Бакетаев

Загрузка... 26 Февраль 2025 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Өлкөдө акыркы үч жылда маяна 50 пайыздан кем эмес көтөрүлдү. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, бул жарандарга сезилерлик жогорулатуу катары байкалды.

"Мына 30 жылдан бери айлыкты, жөлөк пулду акырындап көтөрөбүз деп келе жатабыз. 2021-2022-жылдары айлыктарды 50 пайыздан кем эмес көтөрдүк. Бул сезилерлик көрүнүш. Ал эми 10% жогорулатылганда жарандар, кызматкерлер айлык алганда көп байкала бербейт. 50-100% көтөрүлгөндө каражаттын көбөйгөнү жакшы билинет", - деп белгиледи ал.