Акыркы эки жылда вакцинадан баш тарткандардын саны 10% кыскарды

Ден соолук Загрузка... 21 Апрель 2026 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы эки жылда вакцинадан баш тартуулардын саны 10%га кыскарган. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Ана Даутович “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул натыйжага өлкөдө жамааттардын жана диний уюмдардын башчылары менен узак убакыттан бери түзүлгөн өнөктөштүктүн аркасында жетишилди.

“Дал ушул биргелешкен иштин натыйжасында 2024–2025-жылдар аралыгында вакцинадан баш тартуулардын саны 10%га кыскарган. 2025-жылы эле маалымат жеткирүү кампания 564 562 баланы камтып, мурда бир да жолу вакцина албаган балдарды аныктоого жана аларды эмдөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Алардын арасында мигрант үй-бүлөлөрдүн балдары жана башка аярлуу топтор да бар”, - деп белгиледи ал.