"Ала-Тоо Резорт": Аукциондун экинчи күнүндө 5 жер тилкеси сатылды

Спорт Загрузка... 10 Апрель 2026 09:40
1_F6Topam.2e16d0ba..2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. “Жыргалаң” курортун куруу үчүн жер тилкелерин сатуу боюнча аукциондун экинчи этабы өтүүдө. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын экинчи күнүндө, 9-апрелде жалпысынан 5 лот сатылды.

“Аукциондо 4 жылдыздуу бир мейманкана, 2 жылдыздуу 3 мейманкана жана 36 бирдиктен турган скандинавиялык стилдеги үйлөрдүн жер тилкелери сатылды”, - деди ал.

Аскат Чолпонбаев белгилегендей, аукцион бүгүн, 10-апрелде да уланат.

Кошумчалай кетсек, 8-апрелдеги аукциондо жалпы 6 лот сатылган.