"Ала-Тоо Резорт": Бардык жер тилкелери сатылып, алгачкы асма жол даяр болду

Аймак Загрузка... 29 Май 2026 18:25
508675961_122138363222633318_2412713700768578249_n.jpg
copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" долбоорунун алкагында өткөрүлгөн жер тилкелеринин аукционунун үчүнчү, жыйынтыктоочу этабы аяктады.

Ишканадан билдиришкендей, анын жыйынтыгында Жыргалаң курортунун аймагындагы 8 инвестициялык лот сатылды. Жалпысынан 39 лот өз ээлерин тапты.

"Инвесторлорго мейманканаларды, апартаменттерди, ресторандарды жана туристтик-инженердик инфраструктура объекттерин курууга арналган жер тилкелери сунушталды. Лоттордун сатылышы курортко кошумча инвестицияларды тартууга жана жаңы туристтик объекттерди курууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле учурда келечектеги курорттун негизги инфраструктурасын куруу иштери уланууда. Учурда суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо системалары курулуп, энергетикалык инфраструктура жана асма аркан жолдор өнүктүрүлүүдө.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө жалпы узундугу 4 чакырымдан ашкан эки асма аркан жолу пайдаланууга даяр. Азыркы тапта кошумча төрт асма аркан жолун куруу иштери башталды.

Мындан тышкары, келечектеги курорттун алгачкы тоо лыжа трассаларын долбоорлоо иштери уланууда.

Эскерте кетсек, "Ала-Тоо Резорттун" биринчи этабын ачуу 2026-жылдын декабрь айына пландалган.