Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Алай районунун тургунунан мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга жарандардын бири куралды мыйзамсыз сактап жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 33 жаштагы Т.И. аттуу жарандын үйүнөн 1 даана ТОЗ-8М үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал жана 28 даана ок-дары табылган.
"Бул факт боюнча "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүүгө карата эч жакка кетпөө боюнча тил кат алуу баш коргоо чарасы тандалып, тергөө иштери жүрүүдө",-деп айтылат маалыматта.