Amazon кино өндүрүүдө жасалма интеллектти колдонот

Дүйнө Загрузка... 05 Февраль 2026 09:05
952af55d-3c5a-42a4-9969-1bea8f0a4760.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Amazon MGM Studios кино жана сериалдарды жаратууну тездетүү жана өндүрүш чыгымдарын азайтуу үчүн жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын колдонууну пландоодо. Бул тууралуу Amazon MGM компаниясынын вице-президенти жана ЖИ студиясынын жетекчиси Альберт Чэн Reuters агенттигине берген маегинде билдиргенин Коммерсант жазды.

Маалыматка ылайык, Amazon MGM март айында кино өндүрүшү үчүн жаңы ЖИ куралдарын ишке киргизүүнү жана алгачкы жыйынтыктарын май айында көрсөтүүнү пландап жатат.

"Биз ЖИ ишти тездете алат деп ишенебиз, бирок ал адамдар жасаган ишти алмаштыра албайт", - деди Чэн.

Amazon MGM өткөн жылы эки сезону чыккан "Дэвиддин үйү" сериалында ЖИ колдонгону кабарланууда.

Amazon октябрь айынан бери 30 миң кызматкерин жумуштан бошоткон. Мунун себеби катары жасалма интеллекттин өнүгүшүнө да байланыштуу экени айтылган.