Кыргызстанда жумушка жарамдуу калктын арасында өз жеринде иштеп, ийгилик жараткандар арбын. Ошол эле маалда чет жакка чыгып, иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп турган кезде эл-жер көрүп келүүгө кадам таштагандар да бар. Болжол менен мындан 15-20 жыл мурда Россияга иштөөгө кеткендердин саны арбыган. Акыркы жылдары кыргыз жарандары АКШ жана Европада эмгектенүүгө басым жасашууда. Расмий маалыматтар боюнча, учурда АКШда 60 миңдей кыргыз жараны бар. Алардын көпчүлүгүн эмгек мигранттары жана ЖОЖдордо билим алып жаткан студенттер түзөт.
Жакында эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтонго болгон иш сапарынын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда тараптар башка маселелерге улай эле виза режимин жеңилдетүүнү да карашты. АКШ Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бардык тармактар боюнча диалогду улантууга даяр экендигин ырастады. Бул өз кезегинде океандын ары жагында эмгектенип жүргөн мекендештердин документ алуу иштеринин кыйла жеңилдешине салым кошору шексиз.
Кыргызстандан 10 миң чакырымдан ашык аралыкта жайгашкан АКШдагы мекендештерден “Кабар” агенттиги кабар алып, Чүйдөн Америкага баруу кыялы орундалган 39 жаштагы кыргызстандык Урмат Мажинов менен маектешти.

— Чет жакка чыкканга чейин Кыргызстанда кайсы тармакта иштедиңиз?
— Ооба, Америкага келгенге чейин жогорку билимимдин негизинде эмгектенгем. Менин кесибим технолог, инженер-механик болгондуктан Жалал-Абад облусунда кен иштеткен компанияда тажрыйба топтодум. Бала кезимен эле Америкага барууну кыялданчумун. Кыргызстанда деле иштеген ишим жакшы болчу, айлыгы деле жеткиликтүү эле. Тоо-кен тармагында иштегенден кийин жолдорду салууга да салымымды коштум десем болот. Бирок кыялымды орундатууну туура көрдүм.
— АКШга сапар тартууда кандай жолдорду басып өттүңүз? Көп мекендештерге ушул суроо кызык болсо керек...
— АКШга кеткичекти алгач Европа өлкөлөрүнө Шенген визасы менен чыгып, 2-4 жыл жашап, эмгектендим. Ошондой эле Малайзия, Индонезия жакка да бардым. АКШга 2022-жылы май айында келгем. Учурда үй-бүлөм менен АКШнын Огайо штатынын Цинцинна́ти шаарында жашайбыз. Уулум 3-класста, эки эгиз кызым 2-класста окушат.

— Америкага келгенде жумуш табуу маселеси кандай болду?
— Азыр трак айдап иштейм. Буга чейин чоң жүктөрдү ташучумун. Бир ай болду Амазон компаниясына өтүп, алардын жүктөрүн штаттарга ташып баштадым. Анда калемсаптан баштап, телевизорго чейинки ар кандай жүктөр болот. Жолдо бир күн же эки күн жүрөбүз, айрым учурларда алыскы штаттарга чейин кетебиз. Ортодо тыныгып, тамактанып алууга да болот.
— Трак айдагандардын айлык акысы кандай?
— Орто эсеп менен айлык акыбыз 8-10 миң долларга чейин болот. Алсак, 3 балам менен 2 бөлмөлүү батирге 1800 доллар төлөйбүз. Учурда үч унаам бар, аларга орто эсеп менен 2500 миң доллардай төлөйм. Ошондой эле күнүмдүк жашоого да аз эмес акча каражатын коротобуз. Ошентип отуруп айлыгыбыздан болжол менен 2-3 миң доллар калат. Кээде бир-эки жума эс алабыз.
— Сиз иштеген компанияда трак айдап жүргөн мекендештер барбы?
— Мен учурда тууганыбыздын трак иштеткен компаниясында эмгектенип жатам. Бул компанияны жаңы ачып, жаңы иштер башталууда. Биз кыргыз жарандары болобу, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары болобу жумушка чакырып жатабыз. Бул алардын акча каражатын табууга жакшы шарт десем болот. Биз өзүнүн трагы болгондорду чакыруудабыз. Анткени компания жаңы түзүлгөндүктөн, трак бергенге азырынча мүмкүнчүлүк жок. Бирок жумушту сүйлөшүп, жүк таап берүүгө көмөктөшөбүз. Мен айдап жүргөн тракка 1200 доллар төлөйм.

— Бүгүнкү күндө Америкада иштеген кыргыз жарандары көппү?
— Мындан төрт жыл мурда келгенде кыргызстандыктар көп келген. Азыр да мекендештер бул жакта иштеген кыргыз жарандарынын жашоосун, ишин социалдык тармактардан көрүп, тааныштарынан угуп, канча акча тапса болорун сураштырып, Америкага келүүгө кадам таштап жатышат. Мен документтеримди тууралап алгычакты, көп жумуштарда: мейманканада, буюртма жеткирүү кызматында иштедим. Айдоочулук күбөлүктү колума алгандан тартып унаа айдап баштадым. Андан кийин трак айдоо үчүн да окуп, күбөлүк алдым. Россия, Европа жана АКШны салыштырсак, Америкада акчаны көбүрөөк тапса болот. Бирок ошол эле маалда чыгашаларды да эске алуу керек.
— Америкага келүүнү пландап жаткан кыргызстандыктарга кандай кеңешиңизди айтат элеңиз?
— Кандай гана чет мамлекетке биздин мекендештер чыкпасын, эң биринчиси тилди билиши зарыл. Башкага өлкөгө келип көнүп кеткенге, жумуш табууга тилди билсе жеңил болот. Бул жакка келгенде көпчүлүк жарандар тил белбей, кыйынчылык жаралат. Ошол эле маалда АКШга келгенге чейин башка өлкөлөргө чыгып жүргөн болсо, анда ошол сапарлар виза алууда жардам берет.
— Учурда виза алуу маселеси тууралуу да айта кетсеңиз
— Кыргызстан менен АКШнын ортосунда виза берүүнү жеңилдетүү маселесинин каралып жаткандыгын колдойм. Анткени виза маселесинде өтө көп кыйынчылыктар бар. Аны алуу оор болуп жатат.
10-15 миң долларга чейин депозит төлөп туруп, виза алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү да айтылууда. Андай визаны алуу элдин баарынын эле колунан келе бербейт. АКШга иштейм деп келген киши анча акчаны дароо төлөй албайт деп ойлойм. Виза берүүнү жеңилдетүү маселесинин көтөрүлүшү абдан туура. Жолдору жеңилдетилип чечилсе, абдан жакшы болмок.