Амирчик, Клава Кока, “Дискотека Авария”: Караколдо майрамдык концерт кандай өттү?

Аймак Загрузка... 02 Июнь 2026 13:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Каракол шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата белгилүү ырчылардын катышуусунда кечки шоу-концерт өттү.

Концертке кыргызстандык белгилүү ырчылар Жийдеш, Амирчик, Россия ырчысы Клава Кока, “Дискотека Авария” тобу жана башка жергиктүү ырчылар катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ырчы Жийдештин кызы менен аткаруусундагы чыгарма балдарга өзгөчө жагымдуу маанай тартуулады.

Андан тышкары, майрамдык иш-чаранын кечки бөлүгү болгон борбордук аянттагы концерттин алкагында цирк өнөрпоздору да өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Иллюзионист Адил Каипов кызыктуу номерлерин тартуулап, көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Ошондой эле барабан шоу уюштурулуп, “STATUS” бий тобу майрамдык шаң тартуулады.

Иш-чарага келген шаар тургундары жагымдуу эмоцияларга бөлөнүп, майрам өзгөчө шаң менен белгиленди. Акырында кечки шоу-программа майрамдык салют менен жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек, балдар күнүнө арналган күндүзгү жана кечки иш-чаралар Каракол шаардык мэриясы тарабынан “Евразия” уюмунун колдоосу менен балдарга жана калаа тургундарына майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулган.