Испанияда +40 градус, Лондондо рекорд: Европа аномалдуу ысык болууда

Дүйнө Загрузка... 26 Май 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-05-26 at 08.34.03.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Европада аномалдуу ысык болууда, бир нече өлкөдө абанын температурасы рекорддорду жаңылады. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка караганда, аномалдуу ысык Улуу Британия, Франция жана Испанияда байкалууда, ал жерде май айынын аягындагы температура нормадан бир топ жогору болууда. Лондондо абанын температурасы 26-майда 33,5 градуска жетти. Бул Улуу Британияда май айындагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Буга чейинки максималдуу температура 32,8 градусту түзгөн.

Синоптиктер Улуу Британиядагы ысыктын күчөшү улана берерин эскертишет.

Аномалдуу ысык толкундары башка Европа өлкөлөрүнө да таасирин тийгизди. Франциянын 20дан ашык шаарында абанын температурасы рекорддорун жаңылады. Испаниянын бир нече аймагында температура 40 градуска жакындады. Европанын көптөгөн бөлүктөрүндө учурда температура нормадан 12-15 градуска жогору.

Метеорологдор алдыдагы күндөрү Улуу Британия, Франция жана Испанияда дагы абанын температурасы рекорддору жаңыланышы мүмкүн деп божомолдошууда.