Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Түз тийген күн нурунун алдында узак убакыт бою жүрүү адамдын организмине олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, дарыгерлер мындай абалды оордугуна карай үч даражага бөлөт. Алардын айтымында, эң оор эсептелген үчүнчү даражада адамдын башы айланып, айланасында эмне болуп жатканын аңдабай калат.
Ошондой эле галлюцинация (көзгө ар нерселердин көрүнүшү), калтыроо пайда болуп, эс-учун жоготушу мүмкүн. Мындай учурда тез арада медициналык жардам көрсөтүлбөсө, адамдын өмүрүнө коркунуч жаралат.
Күн тийүүдөн жана ысык өтүүдөн туура коргонуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү жөнөкөй эрежелерди эске тутууну сунуштайт:
- Табигый кездемелерден (чыт, зыгыр буласы, жибек) тигилген, денени кыспаган, жеңил кийимдерди кийиңиз;
- Сөзсүз түрдө ачык түстөгү жеңил баш кийим кийип жүрүңүз;
- Мезгил-мезгили менен бетти жана башты салкын суу менен жууп туруу же күндөн коргоочу кол чатыр колдонуу сунушталат;
- Ар дайым жаныңызда таза ичүүчү суу алып жүрүңүз;
- Ичимдик ичүү денедеги суунун тез азайышына алып келет;
- Күн катуу ысыган маалда – саат 11:00дөн 16:00гө чейин түз тийген күн нурунун алдында жүрбөөгө аракет кылыңыз. Зарыл учурда көлөкө жерлерде болуңуз;
- Коомдук транспортту колдонууда адам аз убакытты же эл азыраак каттамдарды тандаңыз.
- Жолдо баратып дененин ачык жерлерин нымдуу салфетка менен сүртүп, сууну бат-баттан ичип туруу зарыл.