Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Ошто кызыл сызыктан чыккан май куюучу жайдын бир бөлүгү буздурулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Араван районундагы май куюучу жайдын ишинде мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Аталган объект боюнча жергиликтүү тургундар тарабынан буга чейин нааразычылыктар айтылып келген.
Тактап айтканда, май куюучу жай белгиленген жер тилкесинен чыгып кеткендиги аныкталган.
Натыйжада, башкармалыктын адистери тарабынан комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү акт түзүлдү. Объекттин ээсине айып салынып, мыйзамдуу жер тилкесинен чыгып кеткен курулуш бөлүгү демонтаждалды.
Ошондой эле мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин сактоо боюнча түшүндүрүү, эскертүү иштери жүргүзүлдү.