Армения Европа биримдиги менен виза режимин жоюшу мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 25 Май 2026 09:00
39af6ea2-d861-4dc3-bace-b5e7889a855f.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Армения Европа биримдиги менен визаны либералдаштыруу процессин эки жылдын ичинде аяктоону пландап жатат. Бул тууралуу Казинформ билдирет.

Маалыматка караганда, Армения менен Европа биримдигинин ортосундагы сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат жана армениялыктардын Европага сапарларынын саны рекорддук деңгээлге жетти. Алсак, 2018-жылдан 2025-жылга чейин Армениядан Европага кеткендердин саны кескин көбөйгөн. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктагандан кийин Армения жарандарынын Европага саякаттоосу бир топ жеңилдейт.

Армения менен Европа биримдигинин ортосундагы визаны либералдаштыруу боюнча расмий диалог 2024-жылдын сентябрь айында башталган. Ал эми 2025-жылдын жазында өлкөнүн визасыз режимге өтүүгө даярдыгын баалоо үчүн Европа биримдигинин эксперттик миссиялары келген.

2025-жылдын 5-ноябрында Европа комиссиясы Армения тарапка Визаны либералдаштыруу боюнча иш-аракеттер планын сунуштаган. Бул план өз ичине 74 милдеттүү пунктту камтыйт.