Космостон жаңы кадр: Жердин Айдан тартылган тарыхый сүрөтү жарыяланды

Дүйнө Загрузка... 08 Апрель 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-04-08 at 08.58.57.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. NASA агенттигинин Artemis II миссиясы Жердин Айдын горизонтуна “чөгүп” бара жаткан учуру чагылдырылган жаңы сүрөттү жарыялады. Бул тууралуу Известия жазды.

Маалыматка ылайык, фотосүрөт Orion космостук кемесинин бортунда тартылып, расмий түрдө “Жердин батышы” деп аталды.

Бул сүрөт композициясы космонавтиканын тарыхындагы эң белгилүү кадрлардын бири - “Жердин чыгышы” менен дээрлик окшош. Аны 1968-жылы Уильям Андерс Apollo 8 миссиясы учурунда тарткан.

Белгилей кетсек, Artemis II миссиясы 1-апрелде Флоридадагы Кеннеди атындагы космостук борбордон учурулган. Бул 50 жылдан кийин адамдарды Айга жөнөткөн биринчи учуу болуп саналат.

NASAнын маалыматына ылайык, миссиянын төрт астронавты Жер менен Айдын ортосундагы жолдун жарымынан көбүн басып өтүп, 230 миң чакырымдан ашык аралыкты багындырды. Айды айланып өткөндөн кийин Orion кемеси кайра Жерге кайтууга багыт алды.