Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров кытайлык Ivan Xu инвестициялык-технологиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттарын жана өлкө аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Кытайлык инвесторлорго Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, анын ичинде санариптик инфраструктура, энергетика, өнөр жай, логистика жана экологиялык туруктуу долбоорлор сунушталды.
"Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө ырааттуу иш алып барууда. Биз заманбап санариптик чечимдерге инвестиция салууга жана өлкөнүн инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө катышууга даяр стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдарбыз", - деди Сабиров.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы стратегиялык урбанистикалык долбоор катары каралып жаткан экологиялык жактан таза Асман шаарында заманбап дата-борборлорду куруу маселесине өзгөчө токтолушту.
Ivan Xu компаниясынын өкүлдөрү аталган жогорку технологиялык демилгени мындан ары биргелешип илгерилетүүгө даяр экендиктерин жана чоң кызыгууларын билдиришти.