Жайыттарды талкалаган мототранспорт: Жаңы чектөөлөр киргизилди

Экология Загрузка... 19 Май 2026 18:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда акыркы жылдары мототранспорт каражаттары менен тоо-таштарда, жайыттарда жана дарыя жээктеринде жүргөн жарандардын саны көбөйдү. Айрыкча жаз, жай айларында ондогон мототранспорт айдоочусунан турган топтор жаратылыш аймактарына чыгышууда. Бирок адистер мындай көрүнүштөр экологияга жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө олуттуу зыян алып келип жатканын эскертишет. Ушуга байланыштуу министрлер кабинети мототранспорт каражаттарынын айрым жаратылыш аймактарында жүрүүсүнө чектөө киргизген токтом кабыл алды. Аталган токтомго ылайык, мындан ары өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, парктык-пляждык зоналардын чектерине жана жайыттарга мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө расмий түрдө чектөө киргизилет.

Жайыттар эмне үчүн корголушу керек?

Кыргызстандагы жайыттар өлкөнүн негизги жаратылыш байлыгы болуп эсептелет. Расмий маалымат боюнча республикада жалпы 9 млн 100 миң гектар жайыт жери бар. Бирок анын болжол менен 4 млн гектарга жакыны, башкача айтканда 35–40 пайызы деградацияга учураган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Абдумалик уулу “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей, мототранспорт каражаттары жайыттарды тебелеп, жер кыртышын бузуу менен өсүмдүктөрдү жок кылууда.

"Мототранспорт каражаттарын жергиликтүү бийлик менен макулдашылган, белгиленген жолдор менен эмес, ээн баштык кылып каалаган жерлери менен айдашууда. Тебеленип, тапталган жерге өсүмдүктөр бир нече жыл өспөйт. Жердин катмары, майда жандыктар жана микроорганизмдер жабыркап, 10–20 жылдык терс кесепеттер жаралат. Биз бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эгер мындай көрүнүштөр кайталана берсе, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин тиешелүү беренелерине ылайык, 20 миң сомго чейин айып пул салганга мажбур болобуз. Дарыя жээктеринде жүргөндөрү да туура эмес, күйүүчү май жерге, сууга төгүлүп, экологиялык зыян алып келүүдө", — деди Абдумалик уулу.

Мототранспорт экосистемага коркунуч жаратууда

Биология илимдеринин кандидаты Назгүл Иманбердиеванын айтымында, мототранспорт каражаттары топурактын табигый түзүлүшүн бузуп, өсүмдүктөрдүн тамыр системасына зыян келтирүү менен эрозияны күчөтүп, жайыттардин деградациясына алып келет. Адистин айтымында, эндуро жана квадроциклдер көбүнчө жер тандабай, жолсуз аймактарда жүргөндүктөн, өсүмдүктөр дүйнөсүнө өтө чоң зыян келтирилип, тоолордо өскөн сейрек кездешүүчү, өлкөнүн Кызыл китебине кирген өсүмдүктөр тебеленип жок болушу мүмкүн.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Батыш Тянь-Шаны сыяктуу дүйнөлүк маанидеги аймактары биоартүрдүүлүктүн борбору болуп эсептелет. Демек, бул аймактардагы биоартүрдүүлүктү табигый түрүндө сактап калуу үчүн коргоого алынышы зарыл. Мототранспорт каражаттары жаратылыштагы жапайы жаныбарлардын тынчын алып, алардын үнү жана кыймылы жаныбарларды үркүтөт, көбөйүү жана уялоо процесстерин бузуп, миграциялык жолдоруна тоскоол болот. Айрыкча коруктардагы коргоого алынган жаныбарлар жана канаттуулар үчүн бул чоң коркунуч жаратат.

Жогоруда айтылгандар менен бирге, мототранспорт каражаттары абанын жана суунун булганышына, ошондой эле өрт кырсыгынын келип чыгуу коркунучунун артышына алып келет. Тоолуу жана кургак аймактарда ысык кыймылдаткыч же андан чыккан учкун кургак чөптөрдүн күйүшүнө, токой жана талаа өрттөрүнө себеп болушу мүмкүн.

Андан тышкары, мототранспорттор ызы-чуу жаратып, жаратылыштын эстетикалык көрүнүшүн бузуп, туристтердин эс алуусуна терс таасир тийгизүүдө. Ошондуктан мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоодогу чектөөлөрдүн максаты – биоартүрдүүлүктү сактоо, жайыттарды коргоо, экосистеманын бузулушунун алдын алуу, экотуризмди туруктуу өнүктүрүү болуп саналат”,- деди Иманбердиева.

Адистер эмне дейт?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын жерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Канатбек Атабаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери мотоспортко кызыккан жарандардын саны көбөйүүдө.

"Кыргызстанда 2024-жылдан бери жарандар арасында мототранспорт спортун сүйүүчүлөр пайда болууда. Негизинен, мотокаражаттар мыйзам чегинде белгиленген жолдордо жүрсө болот. Ал эми карталарда жайыт катары белгиленген аймактарда жүрүүгө тыюу салынат. Себеби мототранспорттордун жайыттарда жүрүүсүнөн улам жер деградацияга учурап, кыртышы сыйрылат. Бул жайыт аянтынын кыскарышына алып келиши мүмкүн. Ошондуктан жарандарга түшүндүрүү, маалымдоо иштерин жана атайын рейддерди жүргүзүп келе жатабыз. Жарандар көбүнчө адреналин издөө максатында же эрежелерди билбегендиктен жаратылыш аймактарын бузуп жатышат. Келечекте өнүккөн чет өлкөлөрдөгүдөй мототранспорт каражаттары үчүн атайын аянтчалар болот деп ишенем", — дейт ал.

Адистердин пикиринде, маселени толук чечүү үчүн келечекте мототранспорт сүйүүчүлөрүнө атайын аянтчаларды жана мототректерди түзүү зарыл. Бул бир жагынан спортту өнүктүрсө, экинчи жагынан жаратылышты коргоого жардам берет. Учурда белгиленген жолдордон чыкпай, жайыттарга жана дарыя жээктерине айдабай, эрежелерди так сактоо талап кылынат.

Жыйынтыктап айтсак, эксперттер бир ооздон жердин деградациясы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасир этерин белгилешет. Жайыттардын бузулушу мал чарбасына, экологияга жана аймактардын табигый тең салмактуулугуна коркунуч жаратат. Ошондуктан мамлекеттик органдар мототранспорт каражаттарын атайын бөлүнгөн аймактарда гана айдоого чакырууда.

Жер — калыбына келтирүү эң кыйын болгон байлык. Аны сактоо бүгүнкү муундун гана эмес, келечек муундардын да жоопкерчилиги болуп саналат.