Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. “ABank” ААК VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий банкы болду. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган банктын мындай масштабдагы долбоорго катышуусу Кыргызстандын аброюн чыңдоого багытталган улуттук жана эл аралык демилгелерди колдоодогу стратегиялык ролун чагылдырат.
Кызматташтыктын алкагында банк Көчмөндөр оюндарынын иш-чараларын каржылык жактан коштоп, уюштуруу процесстерине көмөк көрсөтүү менен долбоордун ишенимдүү жана туруктуу ишке ашырылышын камсыздайт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы иш-чаралар сыяктуу бир катар маанилүү даталарга туш келүүдө. Буга байланыштуу “ABank” ААКнын катышуусу өзгөчө мааниге ээ болуп, улуттук финансылык сектордун маданий дипломатияны өнүктүрүү, эл аралык байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстандын уникалдуу маданий мурасын дүйнөлүк аренада жайылтууга көмөктөшүүгө даяр экенин баса белгилейт.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.