Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештен алда канча кеңири мааниге ээ эл аралык долбоор. Ал көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана улуттук спорт оюндарын дүйнөгө таанытууну көздөйт. Оюндардын эң башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири кылымдардан бери сакталып келген улуттук күрөш түрлөрү. Түрк тилдүү элдердин жана башка мамлекеттердин салттуу күрөш өнөрү бир аянтчага чогулуп, ар бир элдин өзүнө таандык күрөш маданиятын дүйнө коомчулугуна көрсөтөт. Бул жагынан алганда, ал элдердин маданий мурасын сактоого жана жайылтууга кызмат кылган уникалдуу аянтча болуп саналат.
Учурда Кыргызстан 31-августтан 6-сентябрына чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кызуу даярдык көрүүдө. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, оюндарга кеминде 95 мамлекеттен 3 миңден ашуун спортчу катышып, этноспорттун 43 түрү боюнча күч сынашат.

Мелдештер Ысык-Көл облусунун бир катар жайларында, анын ичинде Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында, "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде, Кырчын жайлоосунда жана башка атайын даярдалган спорттук аянтчаларда өтөт.
Оюндардын негизги жана өзгөчө спорт түрлөрүнүн бири – кыргыз күрөшү. Байыркы тарыхка ээ болгон бул улуттук күрөш бүгүнкү күндө да оюндардын ажырагыс бөлүгү болуп, өлкөнүн спорттук жана маданий мурасын даңазалап келет.

КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз күрөш федерациясынын башкы машыктыруучусу Туратбек Тойчубековдун айтымында, кыргыз күрөшүнүн тарыхы "Манас" эпосундагы Жолой менен Кошойдун доорунан башталат. Кылымдарды карыткан бул улуттук спорт түрү мезгилдин талабына жараша өзгөрүп, анын эрежелери да улам өркүндөтүлүп келген.
"1928-жылы Балыкчы шаарында кыргыз күрөшү боюнча алгачкы чемпионат өткөрүлгөн. Анда 36 балбан эки гана салмак категориясында – 75 килограммга чейин жана 75 килограммдан жогору салмакта күч сынашкан. Ал эми 1966-жылы кыргыз күрөшү боюнча алгачкы расмий эрежелер иштелип чыккан", — деди ал.
Анын белгилешинче, улуттук күрөштү системалуу өнүктүрүү иштери эгемендик жылдарында жаңы баскычка көтөрүлгөн. Тактап айтканда, 2002-жылы Кыргыз улуттук күрөш федерациясы түзүлүп, республикалык деңгээлде чемпионаттар жана ар кандай турнирлер өткөрүлө баштаган. 2013-жылы республикалык федерация кайра уюштурулуп, ал эми 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алты мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда Эл аралык күрөш федерациясы негизделген. Учурда аталган Эл аралык федерациянын президенти Кыргызстандын өкүлү болсо, вице-президенттигине Нидерланддан өкүл шайланган.

Туратбек Тойчубеков белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз күрөшү эл аралык деңгээлде да өнүгүп, дүйнөлүк мелдештер өткөрүлүп келет. Акыркы ири турнирлердин бири Татарстандын Казань шаарында уюштурулган.
Башкы машыктыруучу кыргыз күрөшүнүн өзгөчөлүктөрүнө да токтолду. Анын айтымында, таймашка кызыл жана көк кур тагынган эки балбан чыгат. Илгери балбандар үстүңкү кийимсиз күрөшүп, Кошойдуку сыяктуу териден тигилген кандагай шым кийишкен. Азыркы учурда спортчулар ак түстөгү көйнөк жана ак кездемеден тигилген атайын шым менен күч сынашат.
"Көпчүлүк элдердин бел күрөшү бири-бирине окшош. Бирок кыргыз күрөшүнүн негизги айырмачылыгы – балбандын колу эркин болот. Калыстын белгисинен кийин спортчу курду кармаган шартта каалаган ыкма менен кармоого укуктуу. Башка бел күрөштөрүндө мындай эркиндик жок", — деп түшүндүрдү машыктыруучу.
Ал ошондой эле кыргыз күрөшү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уюштурулгандан бери анын расмий программасына туруктуу киргизилип келе жатканын белгиледи.

"Быйылкы оюндарда балбандар 60 килограммга чейин, 84 килограммга чейин жана 84 килограммдан жогору үч салмак категориясында күч сынашат. Учурда улуттук курама мелдешке даярдык көрүүдө. Биринчи окуу-машыгуу жыйыны өткөрүлүп, экинчи этабы июль айына пландалган. Курамда дүйнө чемпиондору, спорт чеберлери жана өлкөнүн үч алдыңкы балбаны бар. Алар жыл башында өткөн Кыргызстандын чемпионатында жеңишке жетип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо алышкан", — деп белгиледи Туратбек Тойчубеков.
Оюндарга күрөш өнөрүн көрсөтүү үчүн түрк тилдүү мамлекеттерден – Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Түркмөнстан, андан сырткары, Тажикстан, Армения, Абхазия, АКШ, Кытай, Бангладеш, Болгария, Нидерланд, Грузия, Греция, Италия, Индия, Пакистан, Пуэрто-Рико, Польша, Венгрия, Индонезия жана Филиппин өлкөлөрү да катышат.
Бул өлкөлөрдүн ар бири өзүнүн байыркы күрөш салтын алып келип, көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүгүн арттырат

Казак күрөшү
Казак күрөшү – казак элинин улуттук спорт түрү. Таймаш толугу менен тик турган абалда өтөт. Балбандар кийимден, курдан, колдон жана денеден кармап ар кандай ыргытуу ыкмаларын колдонушат. Артка чалуу, жамбаштан жана көкүрөктөн ашырып ыргытуу сыяктуу ыкмалар кеңири колдонулат. Казак күрөшүнүн эрежелери жыл сайын өркүндөтүлүп, анын көркөмдүүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп келет.
Өзбек элинин күрөшү
Кураш – өзбек элинин байыркы улуттук күрөшү. Ал атайын килемде өтүп, балбандар күрөштү тик турган абалда гана жүргүзүшөт. Партерде күрөшүүгө, сокку урууга, муун кайрууга, муунтууга жана белден төмөн кармоого катуу тыюу салынган. Негизинен ыргытуу жана чалуу ыкмалары колдонулат. Жөнөкөй эрежелери, коопсуздугу жана көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болушу менен Кураш бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлде кеңири жайылган спорт түрүнө айланган.

Гүлеш (Азербайжан)
Гүлеш – Азербайжан элинин улуттук күрөшү. Балбандар атайын кең шым, жумшак кур жана бут кийим кийип күч сынашат. Күрөш учурунда атаандашты денеден, буттан, курдан жана шымдан кармоого уруксат берилет. Партерде да айрым ыкмаларды колдонууга уруксат бар. Таймаш салт боюнча музыканын коштоосунда башталып, балбандар атайын саламдашуу жөрөлгөсүн аткарышат. Жеңиш атаандашты эки далысы менен килемге жыгуу же көбүрөк ийгиликтүү ыкма жасоо менен аныкталат.
Гөреш (Түркмөнстан)
Гөреш – түркмөн элинин улуттук бел күрөшү жана дүйнөдөгү эң байыркы күрөш түрлөрүнүн бири. Тарыхый маалыматтарга ылайык, илгери бул өнөрдү эркектер менен катар аялдар да өздөштүрүшкөн. Миңдеген жылдардан бери түркмөндөрдүн тойлорунда, майрамдарында жана башка салтанаттарында гөреш боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчү балбандар эл арасында чоң урмат-сыйга ээ болушкан. Бүгүнкү күндө да гөреш түркмөн элинин маданий мурасынын жана улуттук спортунун маанилүү бөлүгү катары сакталып келет.