Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Ош облусу кызуу даярдык көрүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 02 Июль 2026 18:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Ош облусунда быйыл өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, иш-чаралар планы бекитилди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ведомстволор аралык даярдык планы жана сынактардын жоболору бардык райондук администрацияларга, мекеме-уюмдарга жеткирилип, конкреттүү тапшырмалар берилди.

Белгиленгендей, "Көчмөндөр айылы" локациясына Ош облусунан жалпы 15 боз үй тигилет. Алардын ичинен “Хан боз үйү”, “Мейман боз үйү” жана “Салттуу боз үй” сынактарына катыша тургандары тандалып алынды.

Ошондой эле облустун өнөрпоздору "Сөйкө салуу" каада-салты, "з-уста, Улут даамы, ошондой эле "Саркеч", "Бий ыргак", "Көчмөн кайрык" сынактарына катышат. Ага 10 мыкты кол өнөрчү катышып, өз эмгектерин тартуулайт.

"Азыркы тапта катышуучулардын тизмеси такталып, каттоо жүрүүдө. Ошондой эле улуттук баалуулуктарды чагылдырган "Биримдик кербени" аймактык иш-чарасына катышуу боюнча катчылык менен биргеликте жыйындар өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.