Жөнөкөй кызматкерден өкмөткө чейинки жол. Данияр Амангелдиев менен маек

Маек Загрузка... 21 Май 2026 17:50
852_M8t4sv1.width-800.png

Бир жарым жыл ичинде өкмөттөгү экинчи адам катары министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандын экономикалык реформаларын ишке ашырууда башкы жүздөрдүн бирине айланды. “Кабар” агенттигине берген маегинде ал экономикалык өсүш, мунай өндүрүүчү заводдордун курулушу, санкциялык тобокелдиктер менен күрөшүү, салык тутумун санариптештирүү жана Финансы министрлигиндеги жөнөкөй кызматкерден баштап Минкабдын төрагасынын биринчи орун басарына чейинки өзүнүн басып өткөн жолу тууралуу айтып берди.

— Учурда өкмөттөгү экинчи адам катары бул чоң кызматка киришкениңизге бир жарым жылдай убакыт болуп калды. Бул убакыт аралыгында сиз жасай алган эң чоң ийгилик же ишке ашырган негизги долбоор кайсы болду?

Бардык жетишкендиктер бул команданын жетишкендиги. Анткени ар бир тармактын ишинин артында кесиптештерим турат. Ошондуктан, бул менин жеке жетишкендигим же болбосо менин долбоорум дегенден алысмын. Бул командалык иш. Бул түздөн-түз президенттин тапшырмасы, министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлү, биз аткаруучубуз. Мына, 4 айдын жыйынтыгын чыгарып жатабыз. Жыйынтык боюнча экономикабыздын 12,4%га өскөнү бул өтө чоң жетишкендик. Бул команданын негизги жетишкендиги.

— Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча алдыңкы орунда келе жатат. Экономикалык көрсөткүчтөрдө ЕАЭБ боюнча лидерликти бере элекпиз, ИДПда секирик болуп жатканы жалпыбызга маалым. Бирок, дүйнөдө олку-солку абал болуп турганда Кыргызстан мындай көрсөткүчтөргө кантип жетип жатат? Балким, биз билбеген сыры бардыр?

Жок, негизинен кырдаал чындап эле оңой эмес. Экономика өтө чоң турбуленттүүлүк абалында турат. Биз мындай экономикалык туруксуз терс көрүнүштөрдү бүткүл дүйнөдөгү экономикалык процесстерден байкап жатабыз. Учурда дүйнөдө экономика орто эсеп менен 2,5%га өсүүдө. Бууга күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын кубулуп турушу чоң таасирин тийгизүүдө. Мындан сырткары, товар жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашынан улам баалардын кескин кымбатташы жана азык-түлүк өндүрүүнүн көлөмүнүн азайышы азыркы учурда терс таасирин тийгизип жатат. Анткени, биздин экономикабыз өскөнү менен, глобалдык маселелердин таасирин баары бир сезип жатабыз. Аны эң биринчиден, инфляциядан, баалардын өсүшүнөн байкоого болот.

Мисалы, күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшү тейлөө чөйрөсүнөн баштап бардык тармактарды өзү менен кошо артка тартат, бул кошумча наркка да таасирин тийгизет. Мындан сырткары, дүйнөлүк рынокто азык-түлүк бааларынын кымбатташы да өз таасирин тийгизүүдө. Бирок, биз бул көрсөткүчтөрдү байкоо менен алдын ала чараларды көрүп жатабыз. Алардын эң башкысы эмгек акыларды жогорулатуу, ошондой эле туруксуз бааларды турукташтыруу маселеси. Бизде бул маселелер кошумча нарк салыгын жөнгө салуу же субсидиялоо алкагында каралууда. Көргөн иш-аракеттерибиз жетишерлик деңгээлде натыйжа бериши үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Жарандардын реалдуу кирешелерин сактап калуу биз үчүн абдан маанилүү маселе. Анткени пайыздык өсүш менен инфляцияны салыштырганда, реалдуу бааны канчалык сактап жатканыбыз далил болот. Бул багытта иш алып баруу өкмөттүн эң башкы милдети.

— Күйүүчү-майлоочу май темасын козгоп калдыңыз, бул маселе боюнча импортко көз карандыбыз. Бул көйгөйдү кантип чечсе болот?

Чечүү жолдорун алдын ала караганбыз. Бюджеттин эсебинен “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун базасында жаңы мунай өндүрүүчү завод курулуп жатат. Анын кубаттуулугу жылына 450 миң тонна күйүүчү май өндүрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Биздин ички керектөөбүз 1 млн 200 миң тоннаны түзсө, анын 200 миң тоннасын “Жунда” заводу өндүрөт. Мындан сырткары, кубаттуулугу 100 миң жана 200 миң тонналык чакан мунай өндүрүүчү заводдор курулууда.

Алардын бардыгы ишке киргизилгенде, бизде эң аз дегенде 4,5 айлык керектөөнү камсыз кыла турган корубуз пайда болот. Андан тышкары, заводдор чыгарган продукциянын эсебинен ички керектөөлөрдү жабууга жана бааларды турукташтырууга толук кандуу механизм иштеп баштайт. Курулушту 2027-жылдын ичинде бүтүрөбүз. Өзүбүздөн чыккан чийки зат да бар. Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин алкагында талап кылынган К5 экологиялык классындагы технологияларга өттүк.

Ошондой эле Россия менен келишимдерибиз бар, алар бизге күйүүчү майдын 99,9%ын экспорттойт. Макулдашуунун негизинде алар экспорттук бажы алымдары жок, жеткиликтүү баада берилип жатат. Мындан сырткары, индикативдик балансты бекитүүдө Россия Федерациясы мунайдын көлөмүн дагы көбөйтүүгө даяр экенин билдирди. Негизинен, коңшу мамлекеттерден да алганга мүмкүнчүлүктөр бар. БуларТүркмөнстан, Казакстан жана Азербайжан. Ошондой эле Каспий деңизи аркылуу өтүүчү ортоңку коридор менен алып келүү пландары бар. Кытайдан да алгачкы партияны алып келип, сынап көрдүк. Кыскасы, биз бул багытта ар тараптуу иш алып барып жатабыз.

“Кыргызнефтегаз” заводун модернизациялоого токтолсок, ал 3 жылга чейинки мөөнөткө пландалган, учурда иш ортолоп калды. 2027-жылдын жыйынтыгы менен толук кандуу завод пайда болот. Завод жаңы технологиялар менен жабдылган заманбап ишкана болот.

— Данияр Жолдошевич, бизде күйүүчү-майлоочу майга байланышкан көйгөй биринчи жолу эле болуп жаткан жок да. Кыргызстан өмүр бою импорттон көз каранды болуп келген. Эмне үчүн бул маселе өз убагында чечилген эмес?

Буга чейин мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бюджеттин дарамети, финансылык ыкмалар да жок болчу. Азыркы күндө заводдун курулушуна 450 миллион доллар акча каралган. Бул мүмкүнчүлүктөр түздөн-түз бюджеттин эсебинен түзүлүүдө. Андан тышкары, кепилдик механизмдери иштеп, “Жунда” заводун кайра модернизациялоого эки жыл мурун чоң аракеттер көрүлгөн. Завод жабылып калгандыктан, өнөктөштөрүбүз аны кайра жандандырууга кызыкдар эмес болчу. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр, талкуулар жана кепилдиктерди берүү аркылуу биз бул заводду кайра ишке киргиздик. Учурда бул завод ички керектөөбүздүн белгилүү бир бөлүгүн камсыз кылып жатат.

Эң башкысы экономикага түрткү бере турган, кайра иштетүүгө багытталган ички ресурстарды табуу. Мисалы, капиталдык салымдар беренесин карай турган болсок, алардын көлөмү кескин түрдө көбөйүп, азыр республика боюнча ири курулуш иштери жүрүп жатканын байкасак болот. Бул механизмдер аркылуу кошумча каражаттар тартылды. Мындан сырткары, бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшү менен мамлекеттик ишканаларды колдоо механизмдери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Анткени көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу боюнча реформалар жүрдү. Салык тутумун санариптештирүүгө өткөрүп, бул процесстердин баарын автоматташтыргандан кийин бюджеттин киреше бөлүгү кескин өстү. Учурда биздин кирешебиз 34–37%га чейин өсүүдө. Реформанын башында түшүнбөстүктөр болгон, бирок азыр тандаган багытыбыз туура болгонун көрүп жатабыз.

Тең салмакталган экономика бул туура жол. Акыркы 5 жылда экономикабыз туура нукта баратат жана президент Садыр Жапаровдун саясий курсунун тактыгы элге далилденди. Анткени ички кирешелерибиз өсүүдө. Азыр чет өлкөлүк сапарлар учурунда биз бюджетти колдоо үчүн эч кандай грант сурабайбыз. Акыркы 5 жылдык түзүмдү карасак, бюджетти колдоого бир дагы грант түшкөн жок. Биз баарын өз күчүбүз, колдо болгон ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен ишке ашырып жатабыз. Бул мен үчүн чоң сыймык.

— Айтсаңыз, "Кыргызстанда экономика өсүп жатат, ИДП көбөйүүдө" деп жатабыз. Ошол экономикалык абалды өзүңүз кандай сүрөттөп берет элеңиз?

Мен үчүн экономика бул чоң ишкана же болбосо бир үй-бүлө. Бул жерде ар кимдин өз милдети, өз тармагы бар. Баланы тарбиялашың же ага билим беришиң керек. Эгерде балага жакшы билим, татыктуу тарбия берсең, кийин чоңойгондо анын үзүрүн (дивиденддерин) көрөсүң. Ал жакшы жумушка орношуп, жолун улантып кетет. Ошондуктан биздин балдар биздин келечегибиз. Эртеңки күндүн келечеги кандай болорун биз так айта албайбыз. Бирок эртеңки күндө өзүнүн билимине, тажрыйбасына таянган жаштарды бүгүнтөн баштап тарбиялашыбыз керек.

Экономиканы чоң ишкана десек жаңылышпайбыз. Анткени ишкананын ичинде керектөөлөр, чыгымдар, салык төлөмдөрү жана киреше булактары бар. Ал эми киреше алып келүү үчүн эмне кылуу керек? Ага ресурс берилиши керек, каражат керек. Каражатты банктан алабыз. Ушундай эле ыкмалар менен үстүбүздөгү жылы биз биринчи жолу евробонддорду чыгардык, ал эми "Элдик Банк" алгачкы жолу өзүнүн корпоративдик баалуу кагаздарын жүгүртүүгө чыгарды. Өнөктөштөр бизге ишенип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун жана механизмдерин биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришүүдө. Ушул эле жылы ушул өнөктөштүктүн алкагында биз 2 млрд долларлык долбоорлорду баштап жатабыз. Аларды 2027-жылдын жыйынтыгы менен пайдаланууга беребиз. Булар Бишкектин айланма жолдору, бир катар ГЭСтер, күн энергиясын алуучу станциялар жана туризм тармагындагы чоң өзгөрүүлөр. Эгер Ысык-Көлгө барсаңыз, ал жакта кандай динамикалуу өсүш болуп жатканын көрө аласыз. Бул өздүк капиталдын көбөйүшүнүн эң алгачкы көрсөткүчү. Биздин өздүк капиталыбыз 68%га өсүүдө. Бул абдан чоң көрсөткүч.

Ал эми Кыргызстандын экономикасын үй менен салыштыра турган болсок, азыр короо-жайды оңдоо жана иретке келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Мындан сырткары, жаңы пайдубал түптөлүп, дарбазалар орнотулуп, айлана-тегереги бекемделүүдө. Анткени чек ара маселеси дагы эң башкы көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.

— “Ынтымак Ордодо” иш кайнап турса керек. Сиздерде иштин жүрүшү кандай? Мисалы, мурда бир маселени чечүү үчүн эшиктен эшикке киришчү, азыр кандай?

Көйгөй көтөрүлүп, ал боюнча тапшырма берилет. Ошол эле күнү көзөмөлгө алынып, мөөнөтү белгиленет. Мөөнөттүн ичинде анын чечими кабыл алынат. Эгерде чечим кабыл алууда кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралса, анда сөзсүз түрдө телефон же электрондук байланыш каражаттары аркылуу чечилет. Анткени бардык иш кагаздарын жүргүзүү электрондук форматка өттү. Мисалы, эгер мага дал бүгүн кат жазышса, ал дароо мага келип түшөт. Мен аны карап чыгып, ошол замат кайра жообун жөнөтөм. Мурун бир маселени чечүүгө бир айга чейин убакыт кетсе, азыр бул эки күндүн ичинде чечилип калды.

— Кыргызстанда көйгөйлөр жок деп айтууга болбойт. Президенттин тапшырмасы менен учурда жер-жерлерде калк менен жолугушуулар өтүп, анда абдан көп көйгөйлөр айтылууда. Бул эмнеден кабар берет?

Жарандарыбыздын жыйындарга келип, көйгөйлөрүн ачык айтып жатканы алардын өкмөткө болгон ишеничи артканынан кабар берет. Анткени алар: "Мен барып, көйгөйүмдү айтсам, ал чечилет", — деген үмүт менен келишет. Мурун айтылган көйгөйлөр чечилбей четте кала берчү, көзөмөл жок, аткарылдыбы же аткарылган жокпу каралбай, элдин үмүтү үзүлүп калган. Ал эми азыр онлайн түрдө губернаторлордун жолугушууларын карап, байкап турабыз. Эгерде көйгөй мыйзам чегинде туура коюлган болсо, анда ал сөзсүз түрдө чечилет.

— Санкциялар тууралуу кеп салсак. Эмне үчүн биздин айрым компанияларыбызга кайра-кайра санкциялар киргизилип жатат жана алардын натыйжасы кандай болот? Бизди эмне үчүн санкциялар менен коркутушууда?

Биз сөзсүз түрдө диалог жүргүзөбүз. Мамлекет тарабынан мындай иш-аракеттер жок, бирок айрым компаниялар тарабынан андай учурлар бар. Ошондуктан биз атайын комиссия менен диалог жүргүзүп жатабыз. Эгерде алар өздөрүнүн кандайдыр бир тобокелдиктерин айтышса, биз аны сөзсүз түрдө изилдеп, жооп беребиз. Маселен, АКШ жана Улуу Британия өкүлчүлүгү бизге 51 компанияга карата доолорун билдиришкен. Биз муну изилдеп чыгып, 50 компаниянын каттоосун убактылуу токтотуу чечимин кабыл алдык. Биринчи этапта доомат тагылгандан кийин алардын каттоосун токтото турууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Экинчи этап бул диалог. Компаниялар менен сүйлөшкөндө, биз аларга санкцияларга байланыштуу тобокелдиктерди түшүндүрөбүз.

Негизинен, санкцияларды киргизүү мыйзамсыз иш-чара, бирөөнүн укугун чектөө мыйзам боюнча туура эмес. Бирок, эгер алар ультиматум коюп, биз ага жооп катары өз ультиматумдарыбызды коё баштасак, анда диалог болбой калат го деп ойлойм. Санкцияга кабылсак, каржылык чектөөлөр пайда болот. Анда биздин ишкерлер акчаларын которо албай калышат, технологиялар келбей калат. Бир топ тоскоолдуктар жаралат. Ошондуктан дайыма диалогдо болушубуз керек.

— Данияр Жолдошевич, акыркы убакта биз триллион деген сан менен көп сүйлөшүп калдык. Качан триллиард деген сөздү колдоно баштайбыз?

— Буйруса, ал күн дагы алыс эмес, ага да жетебиз. Иш-аракетибизди жасай берсек, ушул темптен жазбасак, сөзсүз түрдө көрсөткүчтөр жылдан жылга, айдан айга кыргыз элин кубантат. Элге кызмат кылганыбызды чоң сыймык деп билем.

— Катардагы адистен министрлик кызматка чейин жеттиңиз. 22 жашыңызда карьераңызды баштап жатканда, качандыр бир убакта өкмөттөгү экинчи адам болом деген максат же амбицияңыз бар беле?

Кыялдар бар болчу. Кызматка келгенде улуу кесиптештериңди карап, алардын жүрүм-турумуна, кабыл алган чечимдерине байкоо саласың. Андан кийин ал чечимдер кандай жыйынтыкка алып келгенин көрүп, тажрыйба топтойсуң. Университетте окуп жүргөндө андай деле амбициялуу кыялдарым жок эле. Бизнеске умтулчумун. Бирок мамлекеттик кызматка келип иштейм деген оюм жок болчу. Дипломдук ишимди жазып жаткан убакта, улуу агамдын досу Финансы министрлигинде иштеп жүргөн экен. Ал кезде компьютер азыркыдай жеткиликтүү эмес эле. Финансы министрлигинин алдында Тышкы инвестицияларды тартуу департаменти бар болчу, мен ошол жакка барып, кечинде дипломдук ишимди жазчумун. Кийин мага: “Жөн жүрө бербей, стажёр катары жардам бер”, — деп калышты. Ошентип, акырындап стажёрлуктан ишти баштап, почта ташып жүрдүм. Кийинчерек, 3-4 ай аралыгында кайсы адис кайсы маселени кураторлук кыларын билип калдым. Бара-бара бул жумушка өзүмдүн да кызыгуум артты.

Өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мага багыт берген алгачкы жетекчилериме терең ыраазычылык билдирем. Санжар Мукамбетов, Мирланбек Байгончоков жана менин бөлүм башчым Назгүл Асаналиева бул адамдар мага алгачкы тажрыйбаны берип, мамлекеттик кызматка болгон кызыгуумду ойготкон инсандар болду.

— Сизге жумуш үйрөткөн адамдар менен кийин чогуу жетекчилик курамда иштешип калдыңызбы?

— Ооба, ушинтип айтсак да болот. Мен алардын кол алдында да иштегем. Адылбек Алешович министр болуп келгенде, мен башкармалыктын башчысы болуп иштечүмүн. Ага чейин Экономика министрлигинде жүргөндө, 5 жыл бою Москвадагы соода өкүлчүлүгүндө өкүл болдум. Ошондо да абдан тыгыз байланышта болуп, иш алып бардык. Бул мага тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк берди.

— Азыркы кызматыңызга сизди ким сунуштады?

Азыркы кызматка министрлер кабинетинин төрагасы сунуштаган. Көп жылдардан бери мага ушундай ишеним көрсөтүп келишкенине ыраазымын. Президентибиз да өз колдоосун көрсөттү.

— Сиз азыр 44 жаштасыз. Карьераңызды 22 жашыңызда баштаптырсыз. 22 жылда ушул деңгээлге жеттиңиз. Азыркы жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз? Анткени алар дипломду колго алганда эле дароо чоң кызматка отургусу келет...

Биринчиден, тажрыйба топтоо керек. Сөзсүз түрдө жоопкерчиликти сезүү зарыл. Эгерде адам жоопкерчиликти моюнга ала албай, куру амбиция менен гана жашаса, анда иш оңолбойт. Мамлекеттик жумушта жалгыз бир дагы маселе чечилбейт. Кесиптештер менен туура мамиле түзүп, кеңешип иш кылсаң гана алдыга жылуу болот. Мен деле көрүп турам, азыр жаштар бат эле башчы болгусу келет. Такыр шашпаш керек. Акырындап, кылдаттык менен өз жумушуңа тыкан болсоң, сөзсүз түрдө ийгилик коштойт. Аракет кылсаң, көзгө илинесиң.

— Жакынкы келечекте өзүңүздү кайсы кызматтан же кайсы чөйрөдөн көрөсүз?

— Өзгөчө пландар деле жок. Биз жоокербиз, мамлекет каякта иште десе, ошол жерде иштейбиз.

— Сизди тажрыйбалуу экономист, технократ катары мүнөздөшөт. Өзүңүз да маектериңизде: “Мен системанын адамымын”, — деп айткансыз. Пиардан алыссыз. Бирок, сиз кызматка дайындалгандан кийин парламентте сиз менен Салык кызматынын жетекчилигинин ортосунда ЭТТНге байланыштуу талаш-тартыш болгон. Сиз анда ЭТТНди жокко чыгарууга болбойт дегенсиз, ал эми кийинчерек ал жеңилдетилип, айрым гана товарлар үчүн калтырылды. Бул кандайча болуп калды?

Азыр биз ЭТТНдин зарылчылыгын ачык көрүп турабыз. Балким, бул реформаны киргизип жатып, аны өтө тез ишке ашыра алабыз деп ашыкча ишеним арткандырбыз. Бирок экономикада эсеп-кысап болбосо, тартип болбойт. Товарлар келдиби, ал канча жолу, кимге жана кайсы баа менен сатылды ошонун баарынын эсеби так болушу керек. Эгерде мамлекет соода кылууга мүмкүнчүлүк берип жатса, демек, товардын отчёту да болушу шарт. Мына, биз баштаган бул реформаны Россия азыр гана киргизип жатат.

Ал эми кесиптештер ортосунда эч кандай терс мамиле жок. Жумуш үстүндө ар кандай пикир келишпестиктер боло берет. Парламентке барганда өкмөттүн позициясы бирдиктүү болушу керек деп ойлойм. Биз ал кезде жетекчиликтен тил укканбыз, бирок дароо бири-бирибизден кечирим сурашып, маселени чечип алганбыз. Бүгүнкү күнгө чейин мамилебиз абдан жакшы.

— Президент көп билдирүүлөрүндө "криминалды жеңүү коррупция менен күрөшкөнгө караганда оңой болду" деп айтып келет. Сиз жогорку кызматты аркалап жатасыз. Сизге пара сунуштаган учурлар же азгырыктар болобу?

Биринчиден, президент тарабынан көрсөтүлгөн ишенимди актоо мен үчүн алдыңкы орунда турат. Экинчиден, биздин мамлекет абдан кичинекей. Кандай гана иш кылба, бүгүн болбосо эртең сөзсүз ачыкка чыгат. Апам да мага дайыма: “Уят кылбай, жер каратпай, тынч иште”, — деп айтат. Мага көбүнчө инвестиция тартуу, каржылык каражаттарды камсыздоо жана ири долбоорлордун моделдерин түзүү боюнча кайрылышат. Эң чоң көрсөткүч Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду. Буга чейин ал фонддо долбоорлордун көлөмү 5-10 млн доллардын тегерегинде эле болсо, азыркы күндө 100 миллиондук долбоорлор ишке ашырылып жатат. Аталган фонд 1 миллиард доллардан ашык насыя портфелин топтоду. Ал эми пара боюнча айтсам, түз келип эч ким пара сунуштаган эмес. Андай боло турган болсо, дароо укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып бармакпыз.

— Өкмөттөгү экинчи адамдын айлык маянасы канча?

Жетиштүү. Өлкөдөгү орточо айлык акыдан жогору.

— Сиздин ушул даражага жетишиңизге эмне себеп болду? Же таянган адамыңыз барбы?

Баштапкы этапта балким, багыт көрсөткөн тааныштар болгондур. Бирок убакыт өткөн сайын алар бара-бара ролун жоготот. Атам эрте каза болгон, бирок ата-эненин калтырган тарбиясы, үй-бүлөнүн колдоосу абдан маанилүү. Мамлекеттик кызматка жаңы келгенде каражат тартыш болот, ага чыдаш керек. Чыдаганы калат, чыдабаганы кетет. Андан кийин бир туугандардын жардамы чоң болду. Анан албетте, билим, аракет жана Жараткандын колдоосу. Адам дайыма окуп-үйрөнүп, өзүн өнүктүрүп турушу керек. Келген документтерди, китептерди кунт коюп окуу зарыл.

— Китеп деп калдыңыз, кандай китептерди окуйсуз?

Мен негизинен саясий, тарыхый жана экономикалык өнүгүү жолдору тууралуу китептерди окуйм. Мурда орус тилинде окуп, ой жүгүрткөндүктөн, кыргызча эркин сүйлөө мен үчүн абдан кыйын болчу. Тилди адабий деңгээлге көтөрөм деп, атайын кыргызча китептерди окуй баштадым. Күн сайын бир саат убакыт бөлчүмүн. Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын”, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кайталап окудум. Парламентке барганда орусча сүйлөгөнүм үчүн сын уккам. Ошондон кийин өзүмө максат коюп, үйгө келгенде күндө жарым саат-бир саат күзгүнүн алдында туруп, кыргызча китептерди үн чыгарып окуйт элем. Күнүмдүк турмушта кыргызча сүйлөгөнүм менен, мыйзамдарды адабий тилде түшүндүрүп берүү кыйынчылык жаратчу. Кемчилигимдин үстүнөн иштеп, кечке китеп окуунун абдан чоң жардамы тийди.

— Балдарыңыздын тарбиясында сиз үчүн эмне маанилүү, эмнеге басым жасайсыз?

Эң негизгиси өз алдынча ой жүгүртүү. Билимге умтулууга жана чынчыл болууга үйрөтөм. "Эч качан калп айтпагыла" дейм. Өзүм да алдаганды жек көрөм, зарыл болсо унчукпай койгонду туура көрөм. Жумуштан кийин, жумушту унутуп, үйдөгү маселелер менен алек болом. Дем алыш күндөрүн сөзсүз үй-бүлөмө арнайм. Үйгө келгенде саясатты да, жумушту да сүйлөшпөйбүз. Ал эми жумушка келгенде үйдөгү маселени такыр ойлобойм.

— Министрлер кабинетинин жетекчилиги жыйын өткөрүп жатып, электр энергиясын үнөмдөө максатында “Ынтымак Ордодо” жумушка костюм жана галстуксуз эле келгиле деп айтты. Муну уккандар "энергетикадагы абал чын эле ушунчалык кризиске жеттиби" деп чочулап жатышат. Бул тууралуу эмне айта аласыз?

Негизи, энергия тартыштыгы бар, бирок маселе коомчулук ойлогондой курч эмес. Бул жөн гана үнөмдүү болууга чакырык. Бүгүнкү күндө суунун көлөмү да толуп, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизип жатабыз. Бирок өлкөдө экономика абдан тез темп менен өсүп жаткандыктан, өндүрүшкө энергетика тармагы жетишпей жатат. Анткени эң биринчи инфраструктура бул энергетика. Биз бул тартыштыкты жоюу максатында бир топ стратегиялык чечимдерди кабыл алдык.

— Эгер костюмду чечип, кондиционерсиз иштесеңиздер, сиздерге ысык болбойбу?

Жок, менин кабинетим абдан ыңгайлуу. Күн жылыгандан бери жылыткыч да, кондиционер да колдонбойм, терезени ачып койсоң салкын. Негизи эле борборго караганда шаардын өйдө жагы салкынырак. Бул мамлекеттик кызматкерлер элге үлгү болсун деген чакырык. Себеби ар бир кондиционер 1-2 киловатт электр энергиясын керектейт.

— Өлкөдөгү сизди сүйүнткөн жана ойлонткон кандай маселелер бар?

Сүйүнткөнү өндүрүштө жана эртеңки күнгө болгон ишенимдин жаралганы. Ал эми тынчсыздандырганы дүйнөдө болуп жаткан геосаясий процесстер. Бул процесстер мамлекетибизге терс таасирин тийгизбесе экен дейм. Тегерегибизде тынчтык болсо, өнүгүү сөзсүз болот.

— Кыргызстанда мурда ишке ашырууга мүмкүн болбой келип, акыркы жылдары гана ачылып жаткан өндүрүштөр тууралуу айтып берсеңиз.

Биринчиден, бизде унаа өндүрүшү пайда болду, Майлуу-Суудагы лампа заводу кайра жанданды, “Жунда” заводун ишке киргиздик. Мындан сырткары, курулуш тармагында ири заводдор ачылды. Көз коркок, кол баатыр дегендей, эгер биз токтобой аракет кыла берсек, кадам сайын өнүгүү болот.

— Экономикалык көрсөткүчтөр өсүүдө. Бирок өзүңүз эл аралап көрдүңүзбү? Калктын турмушу жакшырганын кайсы көрсөткүчтөрдөн байкаса болот?

Калктын турмушу жакшырганын ички кирешелерден байкаса болот. Албетте, карапайым эл өнүгүүнү азырынча жетиштүү түрдө сезе электигин моюнга алуу керек. Анткени аймактарга болгон сапарларда: “Акча көп, бюджетибиз триллионго жетти деп жатасыңар, бирок муну карапайым эл көрө элек. Пенсия, айлык мындай болсо, ал эми насыя алып иш кылалы десек, анын пайызы жогору”, — деген көйгөйлөр айтылууда. Ошондуктан өкмөттүн быйылкы биринчи программасы жетиштүү көлөмдө орто жана чакан бизнести, айыл чарба тармагында алектенген жарандарды арзан насыя менен камсыз кылуу. Мисалы, “Социалдык келишим” долбоорунун аркасы менен көпчүлүктүн кирешеси көбөйүп, өз ишкерликтерин башташты. Жыйынтык жаман эмес.

— Жакында эле Кыргызстанда Энелер күнү белгиленди. Апаңыз тууралуу сурагым келип турат.

Мен бактылуу адаммын, анткени апам бар. Жашоомдо апамдын таасири абдан чоң. Ал көп жылдар бою жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Апама абдан ыраазымын жана ал да менден ыраазы болсо экен деп тилейм. Өзүм Токмок шаарынан болом, жума сайын балдарым менен Токмокко, ата-энемдин үйүнө барып турам. Негизи, апам мага телефондон көп чала бербейт. Бирок мен барганда бардык маселелерди чогуу отуруп талкуулап, өз акылы, ою менен бөлүшөт.

— Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипти туура тандоо боюнча кандай кеңеш бересиз?

Адамдын жүрөгүнө эмне жакын болсо, коркпостон ошол кесипти тандашы керек. Ар бир адамдын ырыскысы маңдайына жазылган. Кимдин эмнеге жөндөмү болсо, ошого умтулуусу зарыл. Эң башкысы сиз тандаган адистик коомдо ар дайым муктаждык жаратып турган, суроо-талапка ээ кесип болушу шарт.