“Ата-Бейитте” иштегендердин айлыгы жол киресине да жетпейт – депутат

Коом Загрузка... 09 Апрель 2026 11:40
Без названия.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.04.26 /Кабар/. “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин айлык акысы жол киресине да жетпейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Сагынаев билдирди.

Анын айтымында, президенттин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жол жарлыгынын негизги башаты жана өзөгү болгон бул комплексте чечилиши зарыл болгон бир катар маселелер бар.

“Комплексте көчөттөрдү сугаруу үчүн сугат системасы каралган эмес. Ошондой эле кызматкерлердин айлык маянасы өтө эле аз болуп, алардын шаар ичинен барып келген жол кирелерине да жетпейт. Алар үчүн иш кеңселери каралган эмес", — деди депутат.