Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова өлкөдөгү тоголок жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.
Ал өз сөзүндө прокуратура органдарынын катышуусу менен мыйзам бузуулар аныкталган учурларда ата-энеси жок балдарга 88 жер тилкеси жана 9 үй өткөрүп берилгенин белгиледи. Ошону менен бирге, 16 жаштан 23 жашка чейинки канча бала дагы деле үй менен камсыз боло электигине кызыкты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов тиешелүү жарлыкка ылайык, мындай балдарга мамлекет тарабынан 500 миң сомдон берилип жатканын билдирди.
“Бизде жалпы республика боюнча 3 миң 367 тоголок жетим бала бар. 2025-жылы президент тарабынан "Келечекке салым" программасын түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюлган. Анын негизинде 18 жашка чыккан тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон каражат берилет. Ал каражат үч максатта пайдаланылат: турак жай сатып алууга, окуусуна жана ден соолугун чыңдоого. Учурда бул жарлык ишке ашырылууда. 18 жашка толгон бала бизге кайрылат, андан кийин тиешелүү комиссия карап, каражат бөлүнүп берилет”, — деди ал.