Азык-түлүк коопсуздугу: Кыргызстан өзүн кайсы азыктар менен камсыз кыла алат?

Экономика Загрузка... 07 Апрель 2026 10:55
1041174316_0_386_6016_3770_1920x0_80_0_0_9857c507e35ce3749d68406f7e467f28.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоодо базалык тогуз азыктын ичинен алтоо менен өзүбүздү толук камсыздай алабыз. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 3–4 жылдан бери президент тарабынан атайын тапшырмалар коюлуп, негизги тогуз азык мыйзам менен бекитилген.

"Ар бир мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугунун базалык азыктары белгиленет. Ошол себептен президентибиз тапшырма коюп, министрлик тиешелүү иштерди алып барууда. Аталган базалык тогуз азыктын ичинен алтоо менен өлкө өзүн-өзү толук камсыздай алат. Мисалы, 4–5 жыл мурда эт жана мөмө-жемиш азыктары бизде суроо жаратчу. Бирок акыркы эки жылда биз өзүбүздү толук камсыздап калдык", — деди министрдин орун басары.

Базалык тогуз азыкка төмөнкүлөр кирет:

  • нан жана дан (буудай өсүмдүктөрү);
  • картошка;
  • жашылча жана бакча өсүмдүктөрү;
  • мөмө-жемиштер;
  • сүт жана сүт азыктары;
  • эт, өсүмдүк майы, кумшекер жана жумуртка.
"Биз өзүбүздү жумуртка, кумшекер, эт, сүт жана сүт азыктары, жашылчалар жана картошка менен толук камсыздайбыз. Ал эми өсүмдүк майы менен 50 пайыз камсыздап, сырттан алып келүүгө көз карандыбыз. Ошондой эле нан азыктары жана мөмө-жемиштер менен өзүбүздү азырынча толук камсыздай албайбыз. Азык-түлүк коопсуздугу бул өлкөнүн өзөгү", — дейт ал.