Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Баатырлардын ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында алтын тамгалар менен өлбөс-өчпөс болуп жазылып калды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквиемде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бул кандуу согушка Кыргызстан 360 миңден ашуун эр-азаматын же өлкөнүн ар бир төртүнчү тургунун жөнөткөн.
“Алар Европада, андан кийин Азияда да өрткечип, 2-Дүйнөлүк согуштун аякташына салым кошкон. 110 миңден ашуун мекендешибиз – Айкөл Манас атабыздын урпактары согуш талаасында ажалга тике карап, кийинки муундардын жаркын келечеги үчүн жанын берип, баатырларча курман болушкан. Бул сан Кыргызстан үчүн өтө оор демографиялык жоготуу болгон”,- деди өлкө башчысы.
Садыр Жапаров фашисттик баскынчыларга каршы салгылашууларда көрсөткөн эрдиги үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык орден-медалдар менен сыйланып, 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери, 73 каарманыбыз “Советтер Союзунун Баатыры” деген ардактуу наамга ээ болушканын белгиледи.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда согуштун 7 гана ардагери, ооруктун 297 эмгекчиси Жеңиштин 81 жылдыгын майрамдап жатат.