Май майрамдары жакындап, алар менен бирге эс алуу пландары жана шашылыш пландалган саякаттар да келе жатат. Эмне үчүн Ысык-Көлгө саякатка чыкпаска: сүйүктүү музыкаңыз менен, жолдогу окуялар жана эң кооз жерлердеги сүрөттөр менен? Анын үстүнө, жол бою Beeline'дын мыкты байланышы коштоп жүрөт.
Май каникулдарынын жана туристтик сезондун алдында мамлекеттик Beeline уюлдук оператору популярдуу багытта — борбордон Ысык-Көлгө чейин тармактын сапатын бир топ жакшыртты. Компания Бишкек — Балыкчы трассасында жана Ысык-Көл жээгинде 40 жаңы базалык станцияны ишке киргизди.
Бул масштабдуу иштин натыйжасында байланыш жакшырды:
- Чүй облусунда — Новопокровка, Ак-Түз, Арал, Чым-Коргон, Жел-Арык, Кашкелең, Нур, Искра айылдарында, Чоң-Кеминде, Кочкорбаев айыл аймагында, Кемин районундагы айланма жолдо жана Ивановка менен Красная Речка айылдарынын ортосунда;
- Ысык-Көл облусунда — Боом капчыгайынын маанилүү тилкелеринде, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, Жаркынбаев, Маман, Кең-Суу, Күрмөнтү, Тамга, Бурма-Суу, Барскоон, Бөкөнбаев, Кашат, Кара-Ой, Жон-Булак, Жети-Өгүз, Кош-Көл, Орто-Өрүктү, Корумду, Сары-Ой айылдарында, ошондой эле Бостери, анын ичинде жээк аймагында.
Жакшыртуулар мурда сигнал начар же такыр жок болгон жерлерге да жетишти: мисалы, Бөкөнбай капчыгайынын Көк-Мойнок айылынын алдындагы бөлүгүндө, Жаркынбаев, Кең-Суу, Жети-Өгүз жана Жел-Арык айылдарында.
— Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы камтууну кеңейтүү — бул Beeline компаниясынын бүт Кыргызстан боюнча тармагын масштабдуу өнүктүрүүнүн бир бөлүгү, — деди Beeline компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров. — Жаңы базалык станцияларды орнотуудан тышкары, компания 2575–2625 МГц радио жыштык спектрин ырааттуу түрдө өздөштүрүүдө. Бул мобилдик интернетти өнүктүрүү үчүн эң баалуу диапазондордун бири. Beeline аны колдонуу укугун өткөн жылдын аягында ачык онлайн аукциондо алган. Beeline абоненттери үчүн бул тармактын өсүү мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк, ал эми байланыш сапаты жаңы деңгээлге чыкты дегенди билдирет.
Beeline сиз үйдө, жолдо жана эс алууда байланышта болушуңуз үчүн тармакты өнүктүрүүнү улантууда. Саякаттарыңыз жана жаңы таасирлериңиз жарык жана жазгыдай жылуу болсун. Май майрамыңыздар менен!
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КР СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.