Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы дүйнөлүк саясатта жаңы импульс. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов ТАСС агенттигинин журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирген.

“Азыр Борбор Азия экономикалык кайра жаралууну башынан өткөрүүдө. Биз континенттин борборунда жайгашкандыктан, Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү бириктирип турабыз. Буга байланыштуу жаңы глобалдык доордо көңүл Азияга бурулууда. Биз Кытай жана Индия, ошондой эле Жакынкы Чыгыш менен кошунабыз. Менин оюмча, биздин шайланышыбыз дүйнөлүк саясатта жаңы импульс берет”, – деп белгиледи Эдил Байсалов.
Белгилей кетсек, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында өлкөбүз 142 добуш менен ишенимдүү жеңишке жетишти. Кыргызстандын аталган кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүнүн расмий иши 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат.