Төрөбаев: "Санарип дыйкан" форуму – айыл чарбасына карай жасалган маанилүү кадам

Коом Загрузка... 03 Апрель 2025 12:04
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. "Санарип дыйкан - 2025" форуму – айыл чарбасына карай жасалган маанилүү кадам, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев форумдун жүрүшүндө.

Анын айтымында, бул форум – дыйкан-фермерлер үчүн айыл чарбасын санариптештирүүнүн жана агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүүнүн дүйнөлүк тенденциялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын жаңы моделдери менен таанышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. 

Ошондой эле ал алгачы ирет өткөрүлүп жаткан форумда дыйкан-фермерлер үчүн инновациялык өнүмдөрдүн иш-аракетин көрүү менен алардын жетишкен ийгиликтерин агротармакта кантип колдонсо болорун талкуулап, тажрыйба алууга мыкты мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. 

"Бүгүнкү күндө агросектордун алдында жаңы чакырыктар турат. Бул жагынан алганда, санариптештирүү – бул күчтүү курал. Ал маалыматтарга таянып чечим кабыл алууга, процесстерди башкарууну жакшыртууга, түшүмдүүлүктү болжолдоого, топурактын жана өсүмдүктөрдүн абалын көзөмөлдөөгө, сугарууну оптималдаштырууга жана башка көптөгөн нерселерге жардам берет", - деп билдирди өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында агроөнөр жай сектору үчүн маанилүү окуя - "Санарип дыйкан - 2025" форуму өтүп жатат. Форум – Кыргызстандын аң-сезимдүү, туруктуу жана заманбап айыл чарбасына карай жасалган маанилүү кадам.

Айыл чарбасындагы санариптик революциянын бир бөлүгү болгон форумдун алкагында айыл чарбасынын заманбап технологияларынын көргөзмөсү да өтөт.