"Ар бир бала өз ырыскысы менен келет" деген сөз эми жөн гана накыл кеп эмес, мамлекеттик саясаттын өзөгүнө айланды. Өлкөдө наристелердин ден соолугуна жана өнүгүүсүнө эң маанилүү болгон алгачкы үч жылда колдоо көрсөтүү боюнча жаңы система киргизилди. Мамлекеттин социалдык саясаты барган сайын узак мөөнөттүү стратегиялык артыкчылыктарга багыт алып жаткан шартта, өлкөнүн эң аялуу жана ошол эле учурда эң маанилүү жарандары болгон балдарды колдоого багытталган чечимдер өзгөчө мааниге ээ болууда. Президент Садыр Жапаров кол койгон үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү жөнүндөгү жарлык кезектеги социалдык чара гана эмес, мамлекеттик башкаруунун жаңы философиясын чагылдырган маанилүү кадам болуп калды. "Кабар" агенттиги эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канатбек Сагынбаев менен бул багытта жаңы саясаттын иш жүзүндө ишке ашырылышы жана андан күтүлгөн натыйжалар тууралуу маек курду.

— Канатбек Латипжанович, бүгүнкү күндө жаңы "Бала ырысы" демилгеси тууралуу көп айтылууда. Анын башкы мааниси жана өлкө үчүн баалуулугу эмнеде?
— Биринчи кезекте, президенттин стратегиялык кадамына жогору баа берүү менен баштоону каалайм. Бул демилге көңүл борборунда адам, анын жашоосу жана келечеги турган алысты көрө билген, жоопкерчиликтүү жана чыныгы мамлекеттик саясаттын айкын далили. "Бала ырысы" долбоорун киргизүү чечими азыркы замандын негизги чакырыктарын терең түшүнүүнү жана системалуу, кайраттуу, прогрессивдүү чечимдерди кабыл алууга даярдыкты көрсөтөт. Бул жөн эле социалдык чара эмес, бул улутка, Кыргызстандын келечегине, күчтүү адамдык капиталды калыптандырууга салынган инвестиция. Кеп үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, ар бир балага төрөлгөндөн баштап үч жашка чейин ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул жөнүндө болуп жатат. Так ушул мезгилде инсандын ден соолугунун, интеллектинин жана потенциалынын негиздери калыптанат, демек бүтүндөй өлкөнүн потенциалы түптөлөт.

— Эмне үчүн жөлөк пулду даректүү эмес, баарына бирдей берүү чечими кабыл алынды?
— Бул принципиалдуу жана прогрессивдүү ыкма. Универсалдуулук бардык балдар үчүн бирдей шартты камсыз кылат, ашыкча бюрократияны четтетет жана адилетсиздик тобокелдиктерин азайтат. Биз эл аралык тажрыйбага таянабыз, ал көрсөткөндөй, жөлөк пул алууга универсалдуу укук берилген учурда да, камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бир бөлүгү төлөмдөрдү алуу үчүн өз ыктыяры менен кайрылышпайт. Демек, система тең салмактуу, адилеттүү жана коомдун чыныгы муктаждыктарына багытталган бойдон калат.

— Жөлөк пулду алуу механизми кандай уюштурулат?
— Биз аны болушунча жөнөкөй жана ачык-айкын кылдык. Жөлөк пулду чектөө үчүн баланын жана ата-энесинин (же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ПИНдери, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорттор жана банктык эсептин болушу зарыл. Мында төлөм арыздын негизинде жана бала ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү менен бирге жашаган шартта жүргүзүлөт. Биздин милдет ар бир үй-бүлө бул укуктан ашыкча тоскоолдуксуз пайдалана алышын камсыздоо.
— "Бала ырысынын" өлчөмүнө жана ал канча баланы камтый турганына токтоло кетсеңиз?
— Жөлөк пулдун өлчөмү райондук коэффициентти колдонуу менен айына 1200 сомду түзөт. Болжолдоолор боюнча, программа 445 миңге жакын баланы камтыйт. Бул иш жүзүндө бүтүндөй өлкөнүн келечегине таасир этүүчү масштабдуу чечим.

— "Бала ырысы" башка жөлөк пулдун түрлөрү менен кантип айкалышат?
— Биз ийкемдүү жана адилеттүү моделди иштеп чыктык. Майыптыгы бар балдар өздөрүнүн учурдагы төлөмдөрүн сактап калышат жана кошумча түрдө "Бала ырысы" жөлөк пулун ала алышат. "Үй-бүлөгө көмөк" алган үй-бүлөлөр да бул укугунан ажырабайт.
— Мындай көйгөйлөрдүн узак мөөнөттүү кесепеттери кандай?
— Алар системалуу мүнөзгө ээ. Жашоонун алгачкы жылдарындагы жетишсиз тамактануу жана кам көрүү когнитивдик жөндөмдөрдүн төмөндөшүнө, билим берүүдөгү натыйжалардын начарлашына жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрдүн чектелишине алып келет. Кийинчерээк бул экономикада эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшү жана чектелген атаандаштыкка жөндөмдүүлүк аркылуу чагылдырылат. Ошондуктан "Бала ырысы" бул Кыргызстандын адамдык капиталына жасалган стратегиялык салым.

— Программа киргизилгенден кийин кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?
— Биз комплекстүү натыйжаларды күтүп жатабыз: балдардын тамактануусунун жакшырышы, алардын толук кандуу өнүгүүсү үчүн базалык шарттардын түзүлүшү, үй-бүлөлөргө түшкөн финансылык жүктөмдүн азайышы, энелерди колдоо жана балдардын кедейлик деңгээлинин төмөндөшү. Бул мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылган узак мөөнөттүү инвестиция.

— Айрымдар 1200 сомду аз деп эсептешет. Буга эмне деп жооп бересиз?
— Бул мамлекет тарабынан кепилденген базалык колдоо экенин түшүнүү маанилүү. Көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн, өзгөчө аймактарда, бул олуттуу мааниге ээ. Бирок эң башкысы бул принцип: мамлекет ар бир бала үчүн анын жашоосунун алгачкы күндөрүнөн баштап жоопкерчиликти өзүнө алат.
— Бул демилгенин маанисин кантип мүнөздөйт элеңиз?
— "Бала ырыс" бул көңүл борборунда адам жана анын келечеги турган жаңы мамлекеттик философиянын чагылдырылышы. Бул дени сак, билимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү муунду калыптандырууга карай ташталган кадам. Демек күчтүү, туруктуу жана гүлдөгөн Кыргызстанды курууга карай жол.
Маектешкен Халида Эргешева, "Кабар" маалымат агенттиги