Балбан Жоламан Шаршенбеков рейтингдик турнирде алтын медаль жеңди

Спорт Загрузка... 05 Июнь 2026 16:44
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Ulaanbaatar Open эл аралык рейтингдик турниринде алтын медаль багындырды.

Спортчу турнирге 63 килограммга чейинки салмак категориясында катышты. Мелдештин биринчи айлампасында ал ирандык спортчу Эрфан Жаркани менен кез келип, 1:1 эсебинде акыркы упайдын артыкчылыгы менен жеңип, экинчи айлампада Индиядан келген Санни Кумарды 5:1 эсебинде ишенимдүү түрдө утуп алды.

Үчүнчү айлампада Жоламан Шаршенбеков дагы бир ирандык балбан Мохаммад Кешкарга утулуп калса да, алгачкы эки жеңишинин артында жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Жарым финалдык беттеште Шаршенбеков казакстандык Еркебулан Ардаковду 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Алтын медаль үчүн өтүүчү чечүүчү беттеште Жоламан Шаршенбеков үчүнчү айлампадан өзүн утуп кеткен ирандык Мохаммад Кешкар менен кайрадан килем үстүнө чыкмак. Бирок ирандык спортчу алган жаракатына байланыштуу беттешке чыгуудан баш тарткан.

Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков мелдештин жеңүүчүсү аталып, турнирде алтын медалын тагынды.