Караколдо Балдар күнү: 10 миң балмуздак таратылып, чоң шоу-концерт өтөт

Аймак Загрузка... 01 Июнь 2026 11:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Каракол шаарынын борбордук аянтында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат өтүүдө.

Иш-чара Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун катышуусу менен ачылып, калаа башчысы балдарды эл аралык майрамы менен куттуктады.

Майрамдын алкагында балдар үчүн 20 батут, 16 чоң үйлөмө аттракциондор орнотулуп, чыгармачыл мастер-класстар, аквагрим, аниматорлор жана оюн-зоок программалары сунушталууда.

Ошондой эле концерттик программа уюштурулуп, шаардагы таланттуу балдардын, чыгармачыл топтордун, бий жана вокалдык ансамблдердин катышуусунда концерт өтүүдө.

Белгилүү болгондой, майрамдын өзгөчө белеги катары балдарга 10 миң даана акысыз балмуздак таратылууда.

Аталган иш-чара балдарга кубаныч, шаар тургундары үчүн жагымдуу майрамдык маанай тартуулады.

Маалымдалгандай, иш-чара шаардык мэрия тарабынан “Евразия” уюмунун колдоосу менен балдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулуп, ага шаар тургундары, балдар жана коноктор катышууда.

Эскерте кетсек, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Каракол шаарынын борбордук аянтында кечки чоң шоу-концерт өтөт. Ага ата мекендик жана Россия ырчылары катышмакчы.