Бишкек, 05.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 33 жылдыгы белгиленүүдө. Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында Конституцияга онго жакын өзгөртүүлөр киргизилип, бир нече жолу татаал сыноолорду башынан өткөрдү. Кыргыз Республикасынын эгемен тарыхындагы биринчи Конституциясы 1993-жылдын 5-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, бул дата Конституция күнү катары белгиленип келет.

Тарыхый жол жана реформалар
Кыргызстандын конституциялык өнүгүүсү кризистик кырдаалдарга туш болуп, бир канча жолу өзгөрүүлөргө дуушар болду:
- 1993–2016-жылдар: Мамлекеттик бийлик институттарынын — президенттин, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн ыйгарым укуктарын жана функцияларын тактоо максатында 9 жолу конституциялык реформа жүргүзүлгөн.
- 2020-жыл: Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн.
- 2021-жыл, 11-апрель: Парламент Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыккан Конституциянын долбоорун карап, кийин референдумга алып чыккан. Референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өтүп, жыйынтыгында жаңы Конституция кабыл алынган.

Конституция муундарды бириктирген документ
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Конституция бул жөн эле беренелердин жыйындысы эмес, ар кыл муунду бириктирген, тамырыбыз менен тарыхыбызды, ошол эле маалда күчтүү, бакубат Кыргызстан тууралуу келечекке болгон кыялыбызды чагылдыруучу негизги документ болуп саналат.
“Конституциябыздын деми менен башкарууда болобу, экономикада болобу, же жарандарыбызды колдоодо болобу, айтор, бардык тармактарда жаңы ыкмаларды киргизүү аркылуу жаңы илим-билимге, алдыңкы технологияларга жана тажрыйбага умтулуунун үстүндөбүз. Демек, биз ачык-айкын, тайманбаган туура жана татыктуу жолдо баратабыз”, - деп билдирген мамлекет башчысы.

Конституциянын маңызы жана баалуулуктары
Конституция — бул мамлекеттин укуктук пайдубалы, элдин референдум аркылуу өз эркин билдирген уюштуруучу негизги документи экендигин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергүл Бобукеева “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирген.
Анын айтымында, аталган Баш мыйзамда Кыргызстан демократиялык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет экени так бекитилген.
“Биздин Конституция жөн гана расмий документ эмес, ал коомдун жашоо ченемдерин аныктаган негизги багыт. Аны өлкөнүн идеологиялык пайдубалы десек болот. Мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыккан ар бир концепция же долбоор Баш мыйзамда жазылган баалуулуктар жана принциптер менен өлчөнүшү керек. Жаш муундар бала бакчадан тартып, мектеп, университетте же ооруканада болобу - ар дайым ар бир жаран Конституциянын коргоосунда экенин билиши шарт. Биздин билим алууга, ден соолукту сактоого жана эмгекке болгон укуктарыбыздын баары ушул Баш мыйзамдан башталат. Бардык тармактык мыйзамдар Конституцияга каршы келбеши керек. Эгерде жаран кайсы бир мыйзам ченеми анын конституциялык укугун бузуп жатат деп эсептесе, анда Конституциялык сотко кайрылууга укуктуу. Конституциялык соттун башкы миссиясы — ар бир жарандын укугун коргоо”, - деди Конституциялык соттун судьясы.

Белгилей кетсек, ал өз сөзүндө Конституцияны шарттуу түрдө эки бөлүккө бөлүп кароого боло турганын айтты. Биринчи бөлүктө баалуулуктар, адамдын укуктары жана эркиндиктери жөнүндө айтылат.
“Мен биринчи кезекте өлкө жарандарына жана өзгөчө жаш муундарга кайрылып, Баш мыйзамдын 23-беренесин окуп чыгууну сунуштайм. Мында адам укуктары жана баалуулуктары мамлекет үчүн баарынан жогору экендиги жазылган. Ал эми Конституциянын инструменталдык баалуулугу чагылдырылган экинчи бөлүгүндө мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары так жана ачык көрсөтүлгөн. Ар бир мамлекеттик орган ошол белгиленген чектен чыга албайт. Ошондуктан, Конституция бийликти чектөөчү мамлекетте өтө маанилүү ролду ойнойт”, - деди судья.
Меергүл Бобукеева маалымдагандай, чет элдик жарандар Кыргызстанга келээрде мамлекеттин түзүлүшүнө кызыгышат. Мында биздин мамлекет демократиялык, укуктук, социалдык мамлекет деп жазылган. Баш мыйзамда белгиленгендей, укук үстөмдүгү принциби алардын өлкөгө бейкапар келүүсүнө кепилдик болуп берет. Бул — соттордун жана жарандардын адилеттүү мыйзамдарга гана баш ийүүсү дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, өлкөгө келүүнү каалагандар мыйзамдуулук бар экенине ишенип, коркпой келе алышат.

2021-жылы кабыл алынган Конституциянын өзгөчөлүктөрү
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, 2021-жылы кабыл алынган Конституция эффективдүү мамлекеттик башкарууга багытталган. Судья Бобукееванын талдоосу боюнча аталган Баш мыйзамдын негизги өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:
- Укуктардын бөлүштүрүлүшү: Адам укуктары саясий, жеке, экономикалык жана социалдык деп так бөлүмдөргө ажыратылган. Бул жарандарга өз укуктарын билүүгө абдан ыңгайлуу. Мисалы, социалдык укуктарга - билим алуу, саламаттыкты сактоо жана ишке орношуу укуктары кирет.
- Президенттин жоопкерчилиги: Президент аткаруу бийлигинин башчысы жана Конституциянын кепилдиги катары мамлекетти башкарууда чоң жоопкерчиликти өзүнө алды.
- Конституциялык соттун статусу: 2010-жылы Конституциялык соттун статусу төмөндөтүлүп, Конституциялык палата болуп калган. Ал эми 2021-жылдагы реформада анын статусу кайра калыбына келтирилип, ыйгарым укуктары да кеңейтилген. Бул жарандардын укуктарын коргоо жана мыйзамдардын Баш мыйзамга шайкештигин текшерүүдө жогорку деңгээлдеги укуктук кепилдик болуп саналат.

Жыйынтыктап айтсак, 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген Конституция — бул Кыргызстандын туруктуулукка багыт алуудагы маанилүү кадамы. Ал бийликтин тизгинин бир колго топтоо менен бирге, ошол бийликтен эл алдында чоң жоопкерчиликти талап кылган жаңы саясий системанын пайдубалы болуп калды. Ал эми Конституциялык соттун миссиясы — өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу.