Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Укук коргоо органдары тарабынан былтыр коррупцияга байланыштуу 1 359 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокуратуранын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетунда билдирди.
Анын айтымында, көрсөтүлгөн мезгилдеги, ошондой эле мурунку жылдардагы иштерди кошкондо жалпы 1 710 кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Алардын 1 330у сотко жөнөтүлдү, ал эми дагы 380 кылмыш иши кыскартылды.