Мыйзам алдында баары бирдей: Прокуратурадагы кадрдык тазалоо уланууда

Коом Загрузка... 08 Апрель 2026 14:50
863486_mFgyz5d.7725.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Ар бир айыптоо корутундусу жөн эле бекитилбейт, тергөө органы тарабынан чогултулган далилдердин негизинде гана бекитилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда жарандардын жана башка кызмат адамдарынын кайрылууларынын негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери да кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

“Кылмыш-процесстик мыйзамдарда кылмыш ишин козгоонун себептери жана негиздери боюнча так тартип бар. Эгерде тиешелүү тергөө органдарында жана прокурорлордо бул себептер менен негиздер болсо, анда бул кылмыш ишин козгоого негиз болуп берет”, — деди ал.

Башкы прокурор ошондой эле прокуратура органдарынын кызматкерлеринин арасында тазалоо иштери жүрүп жатканын баса белгиледи.

“Отчеттук мезгилдин ичинде таза иштебеген кызматкерлерди жоопкерчиликке тарттык. Ротация туруктуу режимде жүрүүдө, анын өзүнүн мөөнөттөрү бар”, — деп билдирди ал.