Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Баткен облусунда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы облус аймагында каттоого 152 миң 284 чарба субъектилердин саны пландалган. Бүгүнкү күнгө карата алардын ичинен 120 миңи катталып, көрсөткүч 77,8 %ды түздү.
Жалпы облус боюнча 395 каттоочу жумушка кабыл алынган. Каттоо иштери үчүн аларга керектүү техникалык жабдуулар жана унаалар бөлүнүп берилген.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча айыл чарбасын каттоо өнөктүгү 20-марттан 10-апрелге чейин өтөт.