Баткен шаарында заманбап дүң соода комплексинин курулушу жүрүүдө

Аймак Загрузка... 20 Июль 2026 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Баткен шаарындагы дүң соода комплексинин курулушунан кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, заманбап базардын курулушу Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен каржыланууда.

Ири долбоор жылдан-жылга өтүп каржылануучу объекттердин катарына кирет. Дүң соода комплекси 4 блоктон турат.

Учурда базардын биринчи бөлүгүнүн курулушу аяктады. Алдыда калган үч блоктун курулушу, базардын айланасынын инфра түзүмү жол, суу, жарыктандыруу, унаа токтоочу жай, көрктөндүрүү иштери аткарылат.