Баткенде 200 чакырымдан ашык тилкеге зым тартуу пландалууда

Аймак Загрузка... 12 Июнь 2026 09:35
666722831_1488.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Быйыл Баткенде 200 чакырымдан ашык чек ара тилкесине зым тартуу пландалууда. Бул тууралуу облус жетекчиси Мамыржан Рахимов билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 420 чакырым чек ара тилкесине зым тартылышы керек.

“2025-жылы чек аранын 149 чакырымына зым тартылган. Быйыл зым тартуу иштери эртерээк башталды. Бүгүнкү күндө 105 чакырымга зым тартылып бүттү. Калган чакырымдарда иштер улантылууда. Быйыл 200 чакырымдан көбүрөөк тилкеге зым тартуу пландарыбыз бар”, - деди ал.