Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Баткен шаарындагы борбордук мечитте Курман айт майрамына карата айт намазы окулуп, курмандык чалуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Майрамдык намазга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери, Баткен облусунын казысы Мураталы кары Мамадияр уулу баштаган дин кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов аймак тургундарын Курман айт майрамы менен куттуктап, окулган намаздар, жасалган сооптуу амалдар кабыл болушуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле ал кыргыз элине амандык, өлкөгө өнүгүү жана тынчтык каалап, жалпы жамаат менен бирге дуа кылды.
Майрамдык намаздан соң, жетекчилер курмандык чалуу иш-чараларына катышышты.
“Бул күнү союлган малдын эти аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып берилет”,– деп айтылат маалыматта.