Бишкек, 26.05.26 /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгында 28-май - Чек арачылар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
"Чек арачы болуу — чоң жоопкерчиликти, мекенге болгон чексиз берилгендикти талап кылган ардактуу кесип. Өзгөчө Баткен облусунун чек арасында кызмат өтөгөн чек арачылардын эмгеги баалоого арзыйт. Кооптуу шарттарга карабастан, элдин тынчтыгы, жердин бүтүндүгү үчүн кызмат өтөп жаткан мекенчил уулдарыбыз — элибиздин чыныгы баатырлары”, - деди облус башчысы.
Ошондой эле ал Кыргызстандын чек арасын коргоодо баатырларча курман болгон эр азаматтарыбыздын жаркын элеси, элибиздин жүрөгүндө түбөлүк сакталат деп белгилеп, мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштерине катышып жаткан ар бир чек арачыга, ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын соңунда, кызматтык милдеттерин аткарууда, күжүрмөн эмгеги үчүн бир катар чек арачыларга сыйлыктарын тапшырды.