Баткенде “Достук” стелласынын жанында туристтик-экономикалык аймак пайда болот

Аймак Загрузка... 12 Июнь 2026 09:50
582709360_1549.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Баткенде “Достук” стелласынын жанында туристтик-экономикалык аймак пайда болот. Бул тууралуу облус жетекчиси Мамыржан Рахимов билдирди.

Анын айтымында, долбоор үчүн 500 гектар жер тилкеси бөлүнүүдө.

“Учурда башкы планын даярдоо иштери жүрүп жатат. Ал жерде туристтик-лосгистикалык аймак болот, кампалар жайгашат. Ишканаларды куруу пландарыбыз бар. Келечекте бул долбоор ишке ашат деген үмүттөбүз”, - деди облус башчысы.

Белгилей кетсек, Баткен облусундагы "Достук" стелласы бул Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишинде жайгашкан, элдер ортосундагы достукту жана чек ара кызматташтыгын символдоштурган маанилүү жер болуп саналат.