Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Баткен облусунда жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү кызматтар менен биргеликте ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу облус башчысы Мамыржан Рахимов билдирди.
Анын айтымында, акыркы кездери эл менен жолугушууларда жол коопсуздугу маселеси эң көп көтөрүлүүдө жана бул көйгөйлөр жеринде ыкчам тартипте чечилип жатат.
"Айдаркен шаарында эл менен жолугушууда Бирлик айыл аймагындагы жолдун кооптуу тилкесине жол чырак орнотуу өтүнүчү айтылган. Андан 2-3 күн өткөндөн кийин эле аталган аймакка жол чырак коюлуп, ишке берилди. Ак-Турпакта тургундардан "Торговый" базарынын аймагындагы төрт көчө кесилишкен өтө кооптуу аймак боюнча арыз түшкөн. Учурда бул тилкеге дагы жаңы светофорлор орнотулуп, жол кыймылы тартипке келтирилди. Ушул сыяктуу маселелерди алдын алуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте Баткен, Раззаков шаарларында жана жалпы облус аймагындагы бардык кооптуу деп эсептелген жол тилкелерин атайын планга киргизип, иш алып баруудабыз", - деди Рахимов.
Мындан сырткары, Баткен шаарындагы кооптуу аймактар боюнча калаа мэрине так тапшырмалар берилгени жана бул багыттагы иштер жергиликтүү бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө болору кошумчаланды.