Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. 1-2-3-май күндөрү Баткен облусунда катталган сел кырсыгынан турак жайы жабыркаган жаранга 500 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, камсыздандыруу төлөмүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдралиев тапшырды.
Белгилей кетсек, күн мурун уюм тарабынан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жана суу каптоодон жабыркаган 19 жаранга 3 млн 517 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилген.