Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Баткен облусунда туристтик тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу облус жетекчиси Мамыржан Рахимов билдирди.
“Туристтик тармакта иштеген ишкерлер менен жакында эле жолуктум. Алардын долбоорлору жана идеялары бар экен. Баарына колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Баткенде туристтер бара турган жерлерибиз бар. Биз азыр долбоорлорду түзүп жатабыз. Ишкерлерге да өз сунуштарыбызды берүүдөбүз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында долбоорлорду ишке ашырууга да колдоо көрсөтөбүз. Бул облусубуздагы туристтик аймактарды өнүктүрүүгө салым кошот”, - деп белгиледи облус башчысы.