Баткенде жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Ден соолук Загрузка... 18 Апрель 2026 15:10
673532452_1908145886567831_8932465152301540037_n.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 18.04.26 /Кабар/. Баткендин Лейлек районунда жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери учак менен бүгүн Бишкек шаарына жеткирилди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Абалы туруктуу оор, комада, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде 2004-жылы туулган жабырлануучу өтө оор абалда Лейлек районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген. Ага баш мээнин жабык жаракаты, баш мээнин катуу зыянга учурашы жана субарахноидалдык кан куюлуу диагноздору коюлган.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл болгон ресурстар мобилизацияланган.

Тез арада тиешелүү адистердин катышуусунда консилиумдар өткөрүлүп, аралыктан консультациялар уюштурулган. Санитардык авиация линиясы аркылуу Ош шаарынан, андан соң Бишкектен нейрохирургдар жана анестезиолог-реаниматологдордон турган адистештирилген медициналык бригадалар жөнөтүлгөн. Бейтапка зарыл болгон хирургиялык операциялар жасалган.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов медициналык жардам көрсөтүү процессин жеке көзөмөлүнө алган. Министрдин жана министрдин дарылоо иштери боюнча орун басарынын катышуусунда бир нече жолу онлайн-консилиумдар өткөрүлдү.

Ушул убакка чейин бейтаптын абалы өтө оор болуп, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында тургандыктан, аны ташуу мүмкүн эмес болчу. Абалы турукташкандан кийин Бишкекке ташуу камсыз кылынды.

Учурда бейтап интенсивдүү терапияны толук көлөмдө алууну улантууда. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.