Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Күн мурун президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагынын эли менен жолугушту.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Молдо-Нияз айыл аймагынын курамына 13 айыл кирет. Анда 21 миңден ашуун калк жашайт.
Жергиликтүү тургундар тарабынан мектеп, бала бакча, ФАП, сугат суу, турак жай үчүн жер, оорукана, дарыкана жана соода базарына байланыштуу маселелер көтөрүлүп, жеке кайрылуулар айтылды.
Айыл аймактын тургундары облус башчысына Баткен облусундагы жападан жалгыз “Умай Эне” эс алуу санаториясын реконструкциялоону өтүнүштү. Алар өлкөнүн башка облустарына баруу үчүн жолдун алыстыгынан, аргасыз шарты жок санаторияда эс алып жатканын белгилешти.
Облус башчысы өз сөзүндө аталган санаторийди, ошондой эле Баткен районунун Кара-Булак айылындагы балдардын эс алуу лагерин оңдоп-түзөө боюнча сунуштар берилгенин айтып, алдыда бул жайларда заманбап шарттар түзүлөрүн билдирди.