Кыргызстанда башка тармактарга салыштырмалуу айрыкча айыл чарба тармагынын үлүшү жогору. Дыйкан-фермерлер бул тармакта кышы-жайы дебей пайда таап, ишкерлигин кеңейтүүнүн үстүндө иштеп келет. Күзүндө же эрте жазда түшүм жыйнаган учурда аларды продукциясын ички рынокко сатуу же экспортко чыгаруу маселеси ойлондурбай койбойт. Бул ирет "Кабар" агенттиги өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуу маселесинин айланасында кеп кылат.

Баткен облусунун тургуну Толубай Жалилов 7 гектарга кокон гилас, 13 гектарга өрүк тиккен. Анын ичинен 7 гектарга былтыр Түркиядан алып келген өрүктүн эрте бышчу сортун отургузган. Быйыл ал өрүктөр алгачкы түшүмүн берди. Жыйналган 4 тоннадан ашык өрүк толугу менен Россияга экспорттолду.

“Кардарлар өрүк бышканда өздөрү келип, 1 килограмм өрүк 350 сомдон сатылды. Баасы жакшы болду. Жыл өткөн сайын түшүмдүүлүк жогорулайт. Быйыл сезондо 25 киши иш орду менен камсыздалды. Кийинки жылдары дагы жумушчулардын санын көбөйтөбүз деп турабыз”, - дейт дыйкан.
Багбан “Кабар” агенттигине маек куруп, түшүм көбөйгөн сайын жылдан-жылга аны сатуу маселеси ойлондурбай койбойт дейт. Мындан улам ал экспортко чыгууга өбөлгө түзгөн логистикалык борбор болушу керектигин айтат.

"Продукцияны сатууда бир аз кыйынчылык болот экен. Өндүрүштү убактылуу сактай турган логистикалык борбор керек. Аны ачууда жеңилдиктер берилиши зарыл деп ойлойм. Ошондой эле экспорттогон товарыбыз үчүн чет өлкөдөн которулган акча каражатынын суммасы көп болсо, чектөө коюлуп калат экен. Банктардагы ушул чектөөнү да алып салышса дейт элем. Бул жылы мен ушундай жагдайларга кабылдым. Айыл чарба министрлиги кардарларды табуу менен катар эле ушул маселени чечүүгө да көмөктөшсө жакшы болор эле", — деди ал.
Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция сыртка чыкпай, элдин эле дасторконунда турушу керек дегенден алыс болушубуз шарт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кабар" агенттигинин "Кабар подкаст" берүүсүндө билдирди.

Эрлист Акунбеков белгилегендей, дыйкан кайсы жерде пайда жакшы болсо, ошол багытка чыгып, продукциясын сатышы керек. Бүгүнкү күндө министрлик ушул багытты колдоону күчөтүүдө.

"Дыйкан деген сөздү бүгүнкү күндүн тили менен айтканда агроишкер деп атасак болот Эгерде агроишкер ишин жакшы алып барса, ал сөзсүз пайда табат. Пайданы көп таба турган кайсы гана багыт болбосун, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Эмгек өндүрүмдүүлүгү жогору болсо, демек өздүк наркы арзан болот. Продукцияны арзан баада сатып, бирок жакшы пайда тапса болот. Биз ушуну көрө билип, дыйкандарга шарт түзөлү деп жатабыз. Анткени биздин жүк ташуучу унаалар Россияга жетпей, же Казакстанда чек арада туруп калып жатат. Бир жылда бир-эки ушундай көрүнүш катталат. Биз дыйкандарга жаңы базарларды ачышыбыз керек. Биз сыртка чыкмайынча райондук, мамлекеттик деңгээлде кала беребиз. Ошондуктан товарды сатууда сырт жактагы базарларыбыз көп болсо, дыйкандарыбызга жеңил болот. Биз өндүргөн продукция кыргыздын эле дасторконунда турушу кажет, сыртка чыкпашы керек дегенден алыс болушубуз керек. Дыйканды биз ишкер деп айттыкпы, ал Россияда баа жакшы болсо ошол жакка сатышы керек, Казакстанда жакшы баабы, ал жакка сатышы керек. Кыскасы, кайсы жерде пайда жакшы болсо, ошол рынокко чыгышы керек. Ушул багытта жумуштарды жүргүзүү максатында министрлик иш алып барат", — деди Акунбеков.
Айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев "Кабар" агенттигине билдиргендей, дыйкандар маңдай тери менен аракет кылып жаткандыктан, өндүргөн товарын сатууда маселе жаралбашы зарыл. Буга байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин экспортко чыкчу ишкерлерге колдоо көрсөтүүсү маанилүү.

"Дыйкандардын өндүргөн продукциясын сатууга жардам берип, экспортко чыгарууга көмөктөшүүнү күчөтүү керек. Анткени дыйкандардын продукциясынын сатылбай калган учурлары болуп турат же сатылса да арзан баага бааланып калат. Анын ортосунда "кызыл кулактар" арзан баалап алып кетип, кымбат саткан көрүнүштөр да жок эмес. Ошондуктан менин оюмча, Айыл чарба министрлиги дыйкандар өндүргөн продукцияны сатууга көмөктөшүп, анын ичинен кайра иштетүүгө боло тургандарын кайра иштетип, түшкөн кирешени эки эселеп жогорулатуусу керек. Мына ушундай иштер аткарылса, айыл чарба өндүрүшү 30 пайызга көбөймөк", — деп эсептейт Жамин Акималиев.